Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Александр Акопов, Константин Самсонов, Шамил Султанов

2-ИЮНЬ, 2021
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Акопов, Самсонов, Султанов бир туугандарыбыз соттун чечимин күтүп жатып Жахабага таянууда

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Акопов, Самсонов, Султанов бир туугандарыбыз соттун чечимин күтүп жатып Жахабага таянууда

2022-жылдын 19-апрелинде Ставрополь облусунун Нефтекумский райондук соту Александр Акоповду, Константин Самсоновду жана Шамил Султановду айыптуу деп тапты. Сот Александр менен Шамил бир тууганыбыздын ар бирин 500 000 рубль (6 055 АКШ доллары) айып пул төлөөгө милдеттендирди. Бирок тергөө камак жайында отургандыктан алар азырынча айып пул төлөшпөйт. Константин бир тууганыбыз болсо 7 жарым жылга түрмөгө кесилди. Аны сот залынан дароо эле түрмөгө алып кетишти.

Жеке маалымат

Александр Акопов

  • Туулган жылы: 1992 (Нефтекумск)

  • Кыскача таржымалы: Атасы, байкеси менен чогуу курулушта иштейт. Футбол, волейбол, теннис ойногонду, жаратылышта эс алганды жана тамак жасаганды жакшы көрөт

    2007-жылы 14 жашында чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болгон

Константин Самсонов

  • Туулган жылы: 1977 (Нефтекумск)

  • Кыскача таржымалы: Бала кезинде шахматка жана компьютерге кызыкчу. Ооруканада системалар боюнча инженер болуп иштейт. Жубайы Светлана экөө 1998-жылы Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей башташкан. 2000-жылы чөмүлүшкөн. Экөөнүн бир уулу бар

Шамил Султанов

  • Туулган жылы: 1977 (Махмуд-Мектеб, Ставрополь облусу)

  • Кыскача таржымалы: Имараттарды оңдоп-түзөп иштейт. Ыйык Китепти Жахабанын Күбөлөрү менен 2000-жылдары изилдей баштаган. 2003-жылы чөмүлгөн. Келинчеги Елена экөө 2004-жылы баш кошушкан. Еленанын мурунку күйөөсүнөн төрөгөн уулун чоңойтуп-өстүргөнгө жардам берген.

Иштин чоо-жайы

2017-жылдын 26-августунда, ишемби күнү, куралчан полиция кызматкерлери Нефтекумскка жакын жердеги көлдө эс алып жүргөн 18 Жахабанын Күбөсүн курчоого алган. Алардын баарын, анын ичинде бала-чаканы, кары-картаңдарды автобуска салып, полиция участогуна алып барышкан. Анан 3 саат суракка алышкан. Андан соң Нефтекумсктагы көптөгөн ишенимдештерибизди көзөмөлгө алып, үйлөрүн тинтишкен. Натыйжада Александр, Константин жана Шамил үчөө тең камалып, дээрлик бир жыл тергөө камак жайында отурушкан.

Александр түрмөгө камалгандан коркчу экен. Себеби тынчын кетирип кыйнаган оорусу бар. Андан башка да оорулардан жапа чегип келет. Ал ишенимдешибиз Жахабага жалбарып, жан дүйнөсүн тынчтандырышын, түрмөдөгү шарттарга чыдаганга күч беришин сураган. «Түрмөдө Жахабага мен мындайды көтөрө албайм деп айткан учурларым көп болду. (Дээрлик) бир жыл тергөө камак жайында отурганыма ишене албай кетем»,— дейт ал. Александр Ыйык Китеби жок болуп калганда Жахабадан тиленген. Ошондо Жахаба анын үнүн угуп, айрым аяттарды эстегенге жардам берген. Ал эсине түшкөн ар бир аятты жазып, күндө эртең менен ошол аят жөнүндө ойлончу. Анан ал аятты өзүнүн жагдайында кантип колдонсо болору жөнүндө ой жүгүртчү. Ошонун аркасында камакта отурганына Жахабанын көз карашы менен караганды үйрөнгөн.

Ал эми Константин бир тууганыбызга жубайы жазган каттар бир топ кайрат берген. Каттарынын биринде жубайы аны камакта отурганын укмуштуу окуяга туш болгондой көргөнгө үндөптүр. «Буга бир чети күлдүм, бирок ал айткандай кылганымдын аркасында кийин жагдайым бир аз жеңил болуп калды»,— деп эскерет Константин.

Шамил болсо тергөө камак жайындагы алгачкы бир нече ай аябай оор болгонун айтат. «Убакыттын өтүшү менен жагдай бир аз жакшыра баштады. Ошондо Жахабанын мени таштап койбогонуна ынандым»,— дейт ал. Камакта отурганда ал ишенимдешибиз алдыдагы кыйынчылыктарды ойлоп санаа тарта бербей, Жахабага таянганды үйрөнгөн.

Бул үч бир тууганыбызга башка жакка чыгууга тыюу салынган. Ошондой эле аларга телефон, Интернет колдонгонго да болбойт. Ошондон улам Александр тийиштүү түрдө дарылана албай келет. Ал эми Константин болсо программист болуп иштей албай калды. Ушундай кыйынчылыктарга карабай ал ишенимдештерибиз Кудайдын алдында берилгендигин сактаганга чечкиндүү.

Жахабага таянып, ага ишеним арткан бул бир туугандарыбызга Жахаба сөзсүз батасын береринен шектенбейбиз (Забур 20:7).