Мазмунун көрсөтүү

Пётр менен Майя Крупновдор

4-ЯНВАРЬ, 2022
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Алдын ала даярданганы жана бекем үмүтү Пётр менен Майя Крупновдорго күч берип келет

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Алдын ала даярданганы жана бекем үмүтү Пётр менен Майя Крупновдорго күч берип келет

2022-жылдын 9-мартында Пенза облустук соту Пётр менен Майя Крупновдордун доо арызын канааттандыруудан баш тартты. Алар азырынча түрмөгө камалбайт.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2021-жыл, 30-декабрь

    Пенза облусунун Никольск райондук соту Крупновдордун ишине байланыштуу өкүмүн чыгарып, 3 жылга шарттуу соттоду

  2. 2021-жыл, 25-октябрь

    Сот отурумдары башталган

  3. 2021-жыл, 12-октябрь

    Крупновдорду достору менен диний адабияттарды талкуулаганы үчүн федералдык террористтердин жана экстремисттердин тизмесине киргизишкен

  4. 2021-жыл, 15-сентябрь

    Майяга каршы кылмыш иши козголгон. Кийин Пётрду да күнөөлүү деп табышкан

  5. 2020-жыл, 11-октябрь

    Коопсуздук кызматкерлери Никольсктогу 4 Жахабанын Күбөсүнүн үйүн, анын ичинде Пётр менен Майя Крупновдордун үйүн да тинтишкен

Жеке маалымат

Пётр менен Майя бир туугандарыбыз үмүтүн бекем сактап, Жахабага таянып, баарыбызга жакшы үлгү көрсөтүп жатышат (Еврейлер 6:19).