Мазмунун көрсөтүү

Андрей Ступников аялы Ольга менен

18-МАЙ, 2021
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Андрей Ступников кыйынчылык учурунда Жахабага таянууда

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Андрей Ступников кыйынчылык учурунда Жахабага таянууда

2022-жылдын 3-августунда Жалпы юрисдикциянын сегизинчи кассациялык соту Андрей Ступниковдун экинчи доо арызын канааттандыруудан баш тартты. Ал түрмөдөн бошотулган жок.

2021-жылдын 7-сентябрында Красноярск крайынын соту Андрей бир тууганыбыздын доо арызын канааттандыруудан баш тартып, соттун мурунку чечимин күчүндө калтырган.

2021-жылдын 3-июнунда Красноярск шаарынын Железнодорожный райондук соту Андрейди айыптуу деп таап, 6 жылга эркинен ажыраткан. Аны сот залынан дароо эле түрмөгө алып кетишкен.

Жеке маалымат

Андрей Ступников

  • Туулган жылы: 1973 (Норильск, Красноярск крайы)

  • Кыскача таржымалы: Мунай зат жана газ бургулоо боюнча инженердин окуусун окуган. Жубайы Ольга менен 1993-жылы баш кошкон. Экөө тең сүрөт тартканды жана табият койнунда эс алганды жакшы көрөт

    Андрей бала кезинен эле Кудай жөнүндө билгиси келчү. Ал Чеченстанда жашап жүргөндө ал жакта болгон биринчи согушта мыкаачылыкка күбө болгон. Ошондуктан жамандыктын эмне үчүн болуп жатканын жана Кудай аларды коргош үчүн эмне кылыш керектигин билгиси келчү. Анан аялы Ольга экөө Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган. Алар Ыйык Китепте айтылган пайгамбарлыктардын аткарылып жатканын жана анда кыйынчылыктар менен күрөшкөнгө жардам берген кеңештер бар экенин билгенде аябай кубанган

Иштин чоо-жайы

2018-жылдын 3-июлунда Красноярсктагы эл аралык аэропорттон Андрейди Федералдык коопсуздук кызматынын тыңчылары (ФКК) кармап кетишкен. Ал — Красноярсктагы кылмыш иши козголгон биринчи Жахабанын Күбөсү. Ошонун эртеси күнү Красноярск шаарынын Железнодорожный райондук соту аны тергөө камак жайына камоону буйруган.

Ольга жолдошу Андрейге аны бекемдеш үчүн кат жөнөтүп турчу. Бирок убакыттын өтүшү менен Андрейге аялынан кат келбей калган. Ошондо ал тынчсыздана баштаган. Ошол окуя тууралуу Андрей мындай дейт: «Бир киши келип: „Аялыңа эмне болгонун билесиңби?“ — деп сураганда, мен ого бетер тынчсыздана баштадым». Бир нече убакыт өткөндөн кийин, түрмөнүн администрациясы Андрейге Ольгадан келген каттарды атайын бербей жатканын билген. Ал мындай деген: «Алар мага, эгер алар менен иштешсем же күнөөлүү экенимди мойнума алсам, үйүмө бара аларымды айтышты». Бирок Андрей Жахабага таянган жана туура эмес ишке такыр барган эмес. Тергөө камак жайында сегиз ай отургандан кийин, ал төрт айга үй камагына которулган.

2019-жылдын 2-июлунда Андрей үй камагынан бошотулган. Бирок бийликтегилер ага кат алып-беришкенге жана Интернет колдонгонго тыюу салган. Ошондой эле башкалар менен байланышууга чектөө коюлган.

Соттун чечимин күтүп жатып Андрей Жахабага арналганда берген убадасына көңүл топтоодо. Ал муну чоң сыймык деп эсептейт. Андрей: «Мен Жахабаны билгениме жана анын мен тарапта экенине аябай сыймыктанам»,— деген.

Биз Андрейдин Жахабага толук таянып, мыкты үлгү көрсөтүп жатканына абдан ыраазыбыз (Забур 28:7).