Мазмунун көрсөтүү

Анна Сафронова

28–ЯНВАРЬ, 2022
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Анна Сафронова 6 жылга түзөтүү абагына кесилди

Бул 2017-жылы тыюу салынгандан бери эже-карындаштарга карата колдонулган эң узак мөөнөттөгү катаал жаза болду

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Анна Сафронова 6 жылга түзөтүү абагына кесилди

2022-жылдын 14-апрелинде Астрахандын облустук соту Анна Сафронованын доо арызын канааттандыруудан баш тартты. Андыктан ал түрмөдө калды.

2022-жылы 25-январда Астрахандагы Трусовский райондук соту 56 жаштагы Анна Сафронованы 6 жылга түзөтүү абагына кесип жиберген. Аны сот залынан дароо эле абакка алып кетишкен.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2021-жыл, 28-май

    Кылмыш иши козголгон

  2. 2021-жыл, 2-июнь

    Укук коргоо органдары Аннанын 81 жаштагы апасы менен чогуу турган үйүн тинтип, аны тергөө камак жайына алып кетишкен

  3. 2021-жыл, 3-июнь

    Тергөө камак жайынан бошотулуп, үй камагына которулган. Эртең мененки 9:00дөн 10:00гө чейин сейилдегенге эле уруксат берилген, башка убакытта үйүнөн чыгууга тыюу салынган

  4. 2021-жыл, 10-июнь

    Экстремисттердин тизмесине киргизилген, бардык банк эсептери тоңдурулган

  5. 2022-жыл, 24-январь

    Ал соттун алдындагы акыркы сөзүндө мындай деген: «Матай 5:44тө Иса душмандарыңарды сүйгүлө жана силерди куугунтуктагандар үчүн тиленгиле деп үйрөткөн. Эмне үчүн? Анткени мурун куугунтуктагандардын арасында Жахабанын Күбөсү болгондор көп.

    Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин, тергөөчүлөрдүн, түрмө сакчыларынын, жактоочулардын жана башка мени угуп-көрүп тургандардын арасынан жок дегенде бир киши Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө оюн өзгөртөт деген үмүттөмүн. Мүмкүн бир адам болсо да, Ыйык Китепти окугусу келип, суроолоруна жооп алаттыр. Кудайды билгиси келип, атүгүл анын кызматчысы болуп калгысы бардыр».

  6. 2022-жыл, 25-январь

    Сот өкүмү чыгарылып 6 жылга түрмөгө кесилген

Жеке маалымат

Орусиядагы жана Крымдагы бир туугандардын ишенимин бек сактап жатканы бизди кадимкидей кайраттандырат. Бул Жахаба бизге да туруктуу болгонго күч берерине ынандырат (2 Тесалоникалыктар 1:4).

a Маек Анна менен ал эркинен ажыратылганга чейин курулган.