Мазмунун көрсөтүү

Виталий Ильиных

10-МАРТ, 2021
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ |Виталий Ильиныхга ишенимдештеринин үлгүсү кайрат берип жатат

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ |Виталий Ильиныхга ишенимдештеринин үлгүсү кайрат берип жатат

2022-жылдын 28-июлунда Приморье крайынын облустук соту Виталий Ильиныхдын доо арызын канаатандыруудан баш тартты. Азырынча ал түрмөгө камалбайт.

2022-жылдын 15-апрелинде Приморье крайындагы Уссурийск райондук соту Виталийди айыптуу деп таап, аны 2 жылга шарттуу соттоду.

Жеке маалымат

Виталий Ильиных

  • Туулган жылы: 1974 (Уссурийск, Приморье крайы)

  • Кыскача таржымалы: Милиция академиясын бүтүрүп, ички иштер бөлүмүндө иштеген. «Эмне үчүн өлөбүз? Адам өлгөндөн кийин эмне болот?»,— деп көп ойлончу. 1990-жылдары изилдей баштаган. 1999-жылы чөмүлгөн. Учурда көчө шыпырып иштейт. Жубайы Ирина менен 2006-жылы баш кошкон.

Иштин чоо-жайы

2019-жылдын февраль айында Спасск-Дальний шаарында Жахабанын Күбөлөрүнө каршы кылмыш иши козголуп, Виталий Ильиныхтын үйүн тинтишкен. Ал эми 2019-жылдын 18-сентябрында Орусия өкмөтү Виталийге каршы кылмыш ишин козгогон. Ошондон бир ай өтүп-өтпөй, 2019-жылдын 23-октябрында, Виталийдин үйүн кайра аңтарып-теңтерип, аны кармап кетишкен да, 2 күнгө убактылуу кармоочу жайга киргизип коюшкан. Ал жактан ал Жахабага кайра-кайра тиленген. Виталий: «Тиленгенде „Эми эмне болот болду экен?“ — деген ойлор жоголуп, кадимкидей тынчтанып калып жаттым»,— дейт.

Убактылуу кармоочу жайдан чыгарылгандан кийин, ага өзү жашаган жерден башка жакка чыкканга тыюу салынган. Апасы Ольга Опалевага да кылмыш иши козголгон.

Виталий башынан өткөн окуядан көп нерсеге үйрөнгөн. Ал мындай деген: «Мурун Жахабанын күчүбүз жетпеген кыйынчылыктарга жол бербээрин билсем, азыр чын эле ошондой экенине көзүм жетти. Андан тышкары, кыйынчылыктардын аркасында Жахабага ого бетер жакындайт экенбиз. Жахаба биздин Карапачыбыз. Эгер ал кандайдыр бир кыйынчылыктарга жол берип жатса, анда аларды көтөрүп кеткенге сөзсүз жардам берет. Ошондой эле ошол сыноо аркылуу бизди калыптайт. Кыйынчылыкты көтөргөнгө күчүм калбай бараткандай сезилгенде Жахабадан „адаттан тышкаркы күч“ сурап, жалбарышым керектигин түшүндүм» (2 Корунттуктар 4:7).

Виталий табиятынан кайраттуу киши эмес. Ага кайраттуу болгонго 1 Петир 5:9дагы сөздөр жардам берет. Ошондой эле Орусиядагы куугунтукту туруктуулук менен көтөрүп жаткан ишенимдештеринин үлгүсү ага кайрат берип жатат. Ал чечкиндүүлүк менен мындай деп айткан: «Жахаба соттун кандай чечим чыгарышына жол бербесин,.. ишенген нерселеримди аларга айтуу мен үчүн азыркы акыркы күндөрдө чоң сыймык».

Виталийдей болуп, Жахабанын элинин арасындагы ишенимдин жана кайраттуулуктун үлгүсүн калтырган бир туугандарыбызды көрүп, биз да күч-кайратка толобуз. «Өзүнүн эрки аткарылышы үчүн, жакшы нерселердин баары менен камсыз кылып» жаткан Жахаба Кудайыбызга абдан ыраазыбыз (Еврейлер 13:20, 21).