Мазмунун көрсөтүү

Оңдон солго: Владимир Чесноков, Владимир Дуткин жана Валерий Яковлев

7-ЯНВАРЬ
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Владимир Чесноков, Владимир Дуткин жана Валерий Яковлев Кудайга ишенгени үчүн соттолууда

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Владимир Чесноков, Владимир Дуткин жана Валерий Яковлев Кудайга ишенгени үчүн соттолууда

2022-жылдын 13-апрелинде Чубаш Республикасынын Жогорку соту Владимир Чесноковдун, Владимир Дуткиндин жана Валерий Яковлевдин доо арызын четке какканын билдирди. Ошол күндөн тартып алар айып пулду төлөөгө милдеттендирилди

2022-жылдын 10-февралында Чебоксары шаарынын Калинск райондук соту Владимир Чесноковду, Владимир Дуткинди жана Валерий Яковлевди күнөөлүү деп тапкан. Алар камакка алынышкан эмес, бирок Владимир Дуткинге 500 000 рубль (6 715 АКШ доллары), Владимир Чесноков менен Валерий Яковлевге 400 000 рубль (5 372 АКШ доллары) айып пул салынган.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2021-жыл, 7-июнь

    Владимир Чесноковго жана Валерий Яковлевге каршы кылмыш иши козголгон

  2. 2020-жыл, 30-декабрь

    Владимир Дуткин айыптуу деп табылып, эки жакка чыкканга тыюу салынган

  3. 2020-жыл, 25-ноябрь

    Владимир Дуткинге каршы кылмыш иши козголгон. Ошондон көп өтпөй эле үйүн тинтишкен, өзүн суракка алып кетишкен

Жеке маалымат

Бул ишенимдештерибизге Ыйык Китепти окуганы, анда жазылгандар жөнүндө ой жүгүрткөнү күнүмдүк кыйынчылыктары менен күрөшкөнгө жардам берүүдө. Алар Забур 27:5теги: «Ал [Жахаба] мени башыма мүшкүл түшкөн күнү турагына жашырып калат»,— деген сөздөрдүн калетсиз экенине ынанып келишет.