Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Надежда Анойкина, Любовь Галактионова, Наиля Когай, Валентин Осадчук, Нина Пурге, Раиса Усанова

23-СЕНТЯБРЬ, 2021
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ДОО АРЫЗЫ ЧЕТКЕ КАГЫЛДЫ | Жахабага жана ишенимдештерине таянган жети бир тууганыбыз

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ДОО АРЫЗЫ ЧЕТКЕ КАГЫЛДЫ | Жахабага жана ишенимдештерине таянган жети бир тууганыбыз

2022-жылдын 26-сентябрында Приморье крайынын соту Надежда Анойкинанын, Любовь Галактионованын, Наиля Когайдын, Нина Пургенин, Раиса Усанованын жана Валентин Осадчуктун доо арызын канааттандыруудан баш тартты. Алар азырынча түрмөгө камалбайт.

2022-жылдын 1-июнунда Владивостоктогу Ленин райондук соту Надежданы, Любовьду, Наиляны, Нинаны, Раисаны жана Валентинди айыптуу деп тапкан. Эже-карындаштарыбыз 2 жылга, ал эми Валентин 6 жылга шарттуу соттолгон. 87 жаштагы Елена Зайщук бир тууганыбыз болсо катуу ооруп жатканына байланыштуу ага каршы козголгон иш убактылуу токтотулган.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2021-жыл, 19-январь

    Бул кылмыш иши Владивостоктогу Ленин райондук сотуна өткөрүлүп берилген

  2. 2019-жыл, 12-ноябрь

    Кылмыш иши прокуратурага кайтарылган

  3. 2019-жыл, 5-апрель

    Кылмыш иши жети ишенимдешибизге каршы козголгон. Алардын алтоосу — аялдар. Жетинчиси — Валентин. Ал тергөө камак жайында 274 күн отургандан кийин бошотулган. Учурда үй камагында

  4. 2018-жыл, 19-апрель

    Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) кызматкерлери жети Жахабанын Күбөсүнүн үйүн тинтишкен

  5. 2018-жыл, 9-апрель

    ФККнын Приморск крайындагы тергөө бөлүмү жети ишенимдешибизге каршы кылмыш ишин козгогон

Жеке маалымат

Орусиядагы сүйүктүү ишенимдештерибиздин үлгүсү бизге кайрат берип келет. Алар өмүрдү сактап кала турган бекем ишенимге ээ экенин далилдеп жатышат (Еврейлер 10:39).