Мазмунун көрсөтүү

Лия Мальцева

27-ОКТЯБРЬ, 2021
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ДОО АРЫЗЫ ЧЕТКЕ КАГЫЛДЫ | «Жахаба — менин калканым»

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ДОО АРЫЗЫ ЧЕТКЕ КАГЫЛДЫ | «Жахаба — менин калканым»

2022-жылдын 1-ноябрында Приморье крайынын соту Лия Мальцеванын доо арызын четке какты. Азырынча ал түрмөгө камалбайт.

2022-жылдын 20-сентябрында Приморье крайынын Партизанск шаардык соту Лия Мальцеваны айыптуу деп таап, 2 жыл 3 айга шарттуу соттоду.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2021-жыл, 22-июнь

    Лияга каршы кылмыш иши козголгон

  2. 2020-жыл, 18-август

    Федералдык коопсуздук кызматы, Орусиянын жашыруун полиция кызматы, Лиянын үйүн тинтип, бир нече Ыйык Китепти, башка китептерди жана телефонун алып коюшкан. Андан соң Лияны суракка алыш үчүн тергөө бөлүмүнө алып кетишкен

  3. 2020-жыл, 9-июль

    Орусиядагы Каржы көзөмөлдөө федералдык кызматы Лияны террорчулардын жана экстремисттердин тизмесине киргизген

  4. 2020-жыл, 1-июнь

    Орусия Федерациясынын Кылмыш кодексине ылайык, Лияга каршы кылмыш иши козголгон. Ага «тыюу салынган диний коомдун иш-чараларына катышты» деген айып коюлган

Жеке маалымат

Лия бир тууганыбыздын туруктуулугунан жазбай келатканы баарыбызды кайраттандырбай койбойт. Жахаба ага ишенимдүүлүгү үчүн батасын төгө берерине бекем ишенебиз (1 Шемуел 26:23).