MARCH 4, 2022
ОРУСИЯ
ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ДОО АРЫЗЫ ЧЕТКЕ КАГЫЛДЫ | Людмила Щеколдинага ишенимдештеринин сөздөрү күч берүүдө
2022-жылдын 6-октябрында Краснодар крайынын соту Людмила Щеколдинанын доо арызын четке какты. Ал дагы деле түрмөдө отурат.
2022-жылдын 23-майында Краснодар крайынын Павлов райондук соту Людмиланы күнөөлүү деп таап, 4 жыл 1 айга түрмөгө кескен. Ага чыгарылган өкүм дароо күчүнө кирген.
Жагдайдын өрчүшү
2020-жыл, 23-апрель
Людмила бир киши менен Ыйык Китеп тууралуу сүйлөшкөн. Кийинчерээк анын өкмөт тарабынан жиберилген тыңчы экени билинген. Ошондон кийин Людмилага каршы кылмыш иши козголгон
2020-жыл, 29-апрель
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Людмиланын үйүн 9 саат бою тинтишкен. Өзүн болсо суракка алышкан. Ага экстремисттик уюмдун иш-чараларына катышты деген айып коюшкан
2021-жыл, 21-июнь
Сот отуруму башталган
Жеке маалымат
Жахабанын жардамы менен Людмила жана ишеними сыналып жаткан башка бир туугандарыбыз туруктуу бойдон кала береринен шектенбейбиз! (Забур 68:28).