Мазмунун көрсөтүү

27-ЯНВАРЬ, 2020 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 9-ФЕВРАЛЬ, 2024
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ДОО АРЫЗЫ ЧЕТКЕ КАГЫЛДЫ | Орусиянын соту Александр Пряниковду жана Венера менен Дарья Дулованы айыптуу деп тапты

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ДОО АРЫЗЫ ЧЕТКЕ КАГЫЛДЫ | Орусиянын соту Александр Пряниковду жана Венера менен Дарья Дулованы айыптуу деп тапты

2024-жылдын 8-февралында Свердловск облустук соту Александр Пряниковдун жана Венера Дулованын доо арызын четке кагып, шарттуу түрдө соттоду. Өкүм эми күчүнө кирет. Алар азырынча түрмөгө камалышпайт. Дуловага каршы козголгон кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендиктен токтотулган. Себеби ал кылмышкер катары айыпталган учурда 18 жашка чыга элек болчу.

2023-жылы 14-мартта Орусия Федерациясынын Жогорку соту Александр Пряниковго, Венера менен Дарья Дуловаларга коюлган айып жокко чыгарылсын деген чечимди жараксыз деп тапты. Алардын иши, кайра каралышы үчүн, кайтарылды.

2022-жылдын 15-мартында Свердловск облустук соту Александрга жана Венера менен анын кызы Дарьяга коюлган айыпты жокко чыгарды. Бирок үчөөнө үч башка козголгон кылмыш иши боюнча коюлган айыптар дагы деле каралууда.

2020-жылдын 27-январында Карпинск шаардык соту Александрды жана Венера менен Дарьяны күнөөлүү деп тапты. Сот Александрды эки жарым жылга, Венераны эки жылга жана Дарьяны бир жылга шарттуу соттоду. Алар түрмөгө камалышпайт. Бирок жаза мөөнөтү аяктаганга чейин сыноо мөөнөтүндө болушат. Ал ишенимдештерибиз тийиштүү сотко доо-арыз менен кайрылат.