Мазмунун көрсөтүү

Сергей Сергеев (сол жакта) жана Юрий Белослудцев (оң жакта)

18-МАРТ, 2021
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ДОО АРЫЗЫ ЧЕТКЕ КАГЫЛДЫ | Орусиянын чыгышындагы эки ишенимдешибиз 12 жылга кесилиши мүмкүн

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ДОО АРЫЗЫ ЧЕТКЕ КАГЫЛДЫ | Орусиянын чыгышындагы эки ишенимдешибиз 12 жылга кесилиши мүмкүн

2022-жылдын 18-октябрында Жалпы юрисдикциянын 9-кассациялык соту Юрий Белослудцевдин жана Сергей Сергеевдин экинчи доо арызын четке какты. Азырынча алар түрмөгө камалбайт.

2022-жылдын 21-апрелинде Приморье крайынын облустук соту Юрий Белослудцевди жана Сергей Сергеевдин доо арызын канааттандыруудан баш тарткан.

2022-жылдын 31-январында Приморье крайынын Пожарский райондук соту Юрий менен Сергей бир туугандарыбызды айыптуу деп тапкан. Экөө тең 6 жылга шарттуу соттолгон.

Жеке маалымат

Юрий Белослудцев

  • Туулган жылы: 1964 (Смидович, Еврей автономдук облусу)

  • Кыскача таржымалы: Кичинекей айылда чоң энесинин колунда чоңойгон. Электростанцияда инженер болуп иштеген. Балык уулаганды, лыжа тепкенди жакшы көрөт.

    Жубайы Елена менен 1985-жылы баш кошкон. Ыйык Китепти изилдегенге Кудайдын жамандыкты жана азап-кайгыны жок кылары жөнүндө билгендери түрткү берген. Мындан тышкары, аларга Кудайдын Сөзүндөгү пайгамбарлыктардын аткарылып жатканы күчтүү таасир эткен. Ошонун аркасында Ыйык Китепти изилдей башташкан. Юрий 1994-жылы чөмүлгөн

Сергей Сергеев

  • Туулган жылы: 1955 (Духовницкое, Саратов облусу)

  • Кыскача таржымалы: Пенсияга чыкканга чейин, көмүр казган жерде иштеген. 1991-жылы Нелли менен баш кошуп, эки кыздуу болушкан. Аялы экөө тең ит бакканды жакшы көрөт

    Үйлөнгөнүнөн көп өтпөй эле Ыйык Китепти изилдей башташкан. Андагы пайгамбарлыктардын тактыгы жана колдонорлук кеңештер жүрөктөрүн козгогон. Сергей 1996-жылы чөмүлгөн

Иштин чоо-жайы

2019-жылдын 17-мартында Федералдык коопсуздук кызматынын тыңчылары (ФКК) Лучегорсктогу (Приморье крайы) Жахабанын Күбөлөрүнүн көбүнүн үйүн тинтишкен. Анан ишенимдештерибизди суракка алышкан. Айрымдарын 8 саатка чейин сурашкан. Ал эми Юрий менен Сергейди камап коюшкан.

Эки күндөн кийин ал экөөнү тергөө камак жайына алып кетишкен. Алар ал жерде 6 айдан ашык убакыт бою отуруп, 2019-жылдын сентябрь айында бошотулушкан. Андан соң 5 айдай үй камагында отурушкан.

Юрий да, Сергей да тергөө камак жайында болгон кыйынчылыктардын баарын көтөрүп кеткенге тиленүү абдан жардам бергенин айтышкан. Сергейге туура маанай сактаганга Ыйык Китеп да жардам берген. Ал мындай деген: «Мен Исанын: „Эгер мени куугунтукташса, силерди да куугунтукташат“,— деген сөздөрүн эстедим (Жакан 15:20). Анан: „Чын эле, биздин башыбыздан өтүп жаткан нерселер Исанын, анын шакирттеринин жана элчилеринин да башынан өткөн. Жахаба менин бул жакка отурушума бекеринен жол берген жок. Ал менин жакшы кабар айта аларыма ишенет“,— деп ойлондум. Ушундай ойлор, ошондой эле Жахабанын тилегиме жооп бергенин көрүп, күчкө толдум. Көңүлүмдү чөгөрбөгөнгө да жардам берди».

Юрийге мурда Ыйык Китепти үзгүлтүксүз окуу кыйынга турчу экен. Кийин бир ишенимдеши ага Ыйык Китепти күн сайын окууну адат кылып алганга көмөк кылыптыр. Ал адатынын пайдасын тергөө камак жайында отурганда көргөн. Юрий мындай деген: «Ал жакта отурганда Ыйык Китептен жана адабияттарыбыздан мурун окуган ойлорду эстечүмүн. Бул мени күч-кайратка толтуруп, кубанычымды жоготпогонго жана өтө тынчсыздана бербегенге жардам берди».

Жахаба «кыйынчылык учурунда» Орусиядагы ишенимдештерибиз үчүн «баш маана» жана «күч» болуп беришин сурап тиленебиз. Буга такыр шектенбейбиз (Забур 46:1).