Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго өйдөңкү катар: Юрий Герасков, Максим Халтурин, Владимир Коробейников жана Анджей Онищук. Ылдыйкы катар: Андрей жана Евгений Суворковдор, Владимир Васильев

22-АПРЕЛЬ, 2021
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ДОО АРЫЗЫ ЧЕТКЕ КАГЫЛДЫ | Тергөө камак жайында, үй камагында отурган ишенимдештерибизге тиленүү, өздүк изилдөө жана рухий иштер чоң жардам берүүдө

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ДОО АРЫЗЫ ЧЕТКЕ КАГЫЛДЫ | Тергөө камак жайында, үй камагында отурган ишенимдештерибизге тиленүү, өздүк изилдөө жана рухий иштер чоң жардам берүүдө

2022-жылдын 4-октябрында Киров облустук соту Максим Халтуриндин, Владимир Коробейниковдун, Анджей Онищуктун, Андрей жана Евгений Суворковдордун жана Владимир Васильевдин доо арызын канаттандыруудан баш тартты. Азырынча алар түрмөгө камалбайт.

2022-жылдын 3-июнунда Кировдогу Первомайск райондук соту Максим Халтуринди, Владимир Коробейниковду, Анджей Онищукту, Андрей жана Евгений Суворковдорду жана Владимир Васильевди күнөөлүү деп тапкан. Алар эки жарым жылдан алты жарым жылга чейин шарттуу соттолушкан. Юрий Герасков каза болуп калганына карабай, сот аны да айыптуу деп жарыялаган.

Жеке маалымат

Юрий Герасков

  • Туулган жылы: 1956 (Азербайжан)

  • Каза болгон күнү: 2020-жыл, 24-апрель

  • Кыскача таржымалы: Футбол ойногонду, фотоаппарат менен сүрөт тартканды жакшы көрчү. Филармонияда иштеген. Азербайжандагы саясий кырдаалдан улам 1993-жылы Орусияга көчүп барган. 2011-жылы Алевтинага үйлөнгөн. Ошол эле жылы чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болгон. Жубайлар сейилдегенди, достору менен баарлашканды жакшы көрүшчү

Максим Халтурин

  • Туулган жылы: 1974 (Киров)

  • Кыскача таржымалы: Бала кезинен эле китеп окуганды жакшы көрчү. Ыйык Китепке 1993-жылы кызыга баштаган. 1995-жылы чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болгон. Улгайып калган ата-энесине кам көрөт. Алар башка динди тутса да, уулун бардык жактан колдойт

Владимир Коробейников

  • Туулган жылы: 1952 (Диксон, Красноярск крайы)

  • Кыскача таржымалы: Атасы түндүк муз океанын изилдеген окумуштуу болгон. Бала кезинде ар кандай нерселердин моделдерин жасаганды жакшы көрчү. Кийин сантехник, машинист болуп иштеген. Учурда ардактуу эс алууда. Балык уулаганды жакшы көрөт

    Аялы Ольга экөө Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти 1990-жылдары изилдей башташкан. Владимирди, өзгөчө, Ыйык Китептеги пайгамбарлыктар таасирленткен. 1996-жылы чөмүлгөн. Ыйык Китептеги кеңештер үй-бүлө түйүнүн бекемдегенге, уулу менен кызын жакшы тарбиялаганга жардам берген

Анджей Онищук

  • Туулган жылы: 1968 (Белосток, Польша)

  • Кыскача таржымалы: Жаш кезинде футбол ойногонду, оор нерселерди көтөрүп, машыкканды жакшы көрчү. 1990-жылы чөмүлгөн. 1997-жылы Кировго көчүп барган. Орус элинин адабий чыгармаларын окуганды жакшы көрөт. 2002-жылы Анна менен баш кошкон. Экөө жаратылышка чыкканды, козу карын тергенди, футбол ойногонду жакшы көрөт

Андрей Суворков

  • Туулган жылы: 1993 (Киров, Киров облусу)

  • Кыскача таржымалы: Ымыркай кезинен тартып эле апасы Ыйык Китептеги билим боюнча тарбиялаган. Бала чагында ар кайсы нерселерди изилдегенди, спорт оюндарын, өзгөчө, волейбол ойногонду жакшы көрчү. 2007-жылы чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болгон. Альтернативалык жарандык кызматты наркология диспансеринде жардам берип өтөгөн. Светлана экөө 2016-жылы баш кошушкан. Экөө тең спорт оюндарын жакшы көрөт

Евгений Суворков

  • Туулган жылы: 1978 (Кумены, Киров облусу)

  • Кыскача таржымалы: Кичинекей кезинде шахмат, хоккей ойногонду, музыка укканды жакшы көрчү. Электрик болуп иштейт. Жахабанын Күбөлөрү менен 16 жашында изилдей баштаган. 1995-жылы чөмүлгөн. 18 жашка чыгып, аскерге баруу маалы келгенде, альтернативалык жарандык кызматты өтөөнү суранган.Иши сотто 6 жолу каралгандан кийин, акыры, өтүнүчүн орундатышкан. 2000-жылы Светланага үйлөнүп, анын уулу Андрейди (жогоруда айтылган) тарбиялап-чоңойткон

Владимир Васильев

  • Туулган жылы: 1956 (Пермь)

  • Кыскача таржымалы: Бала чагында футбол ойногонду жакшы көрчү. Сантехник, айдоочу болуп иштеген. Азыр ардактуу эс алууда. Жубайы Надежда экөө Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти 1990-жылдары изилдей баштаган. 1994-жылы чөмүлгөн

Иштин чоо-жайы

2018-жылы 9-октябрда бийликтегилер Кировдогу Жахабанын Күбөлөрүнүн 14 үйүн тинтишкен. Натыйжада Максим Халтурин, Владимир Коробейников, Анджей Онищук, Андрей менен Евгений Суворковдор камакка алынган. Андан соң аларды тергөө камак жайына которушкан. 2019-жылдын январында жана июлунда Владимир Васильев менен Юрий Герасковго да каршы кылмыш иши козголгон.

Владимир Коробейников 2 айдан ашык убакыт бою тергөө камак жайында отурган. Андан соң оорукчал аялына кам көрүп, кызын карай алыш үчүн үй камагына бошотулган. Максим менен Андрей тергөө камак жайында 3 айдан ашык убакыт болушкан. Евгений 5 айдай, ал эми Анджей 327 күн камакта отурушкан. Бул ишенимдештерибиздин айрымдары үй камагына чыгарылган. Эркиндикке чыгышса да, өздөрү жашаган жерлерден алыс кетүүгө тыюу салынган.

Камакта отурганда бир туугандарыбыз үчүн баарынан да үй-бүлөсүнөн бөлүнүп калганы чоң сыноо болгон. Бирок алар Жахабанын алардын үйүндөгүлөрүнө кам көрөрүнө толук ишенишкен.

Алсак, Владимир Коробейниковдун жубайы Ольганын майыптыгы бар. Владимир: «Оорукчал аялымдын үйдө жалгыз калганын ойлогондо жүрөгүм сыздап кетчү»,— дейт. Тинтүү маалында бийликтегилер Ольганын телефонун тартып алышкандыктан, Владимир аны менен көпкө чейин байланыша албай, ал-жайын биле албай кыйналган. Анан бир ишенимдеши жыйналыштагылар Ольгага кам көрүп жатканын жазганда, ал бир топ жеңилдей түшкөн. Кийинчерээк Ольга өзү да Владимирге кат жазып, жакшы жүргөнүн билдирген.

Эки-жакка чыгууга коюлган чектөөлөр жана «экстремист» деген айып тагылганы ал бир туугандарыбызга көптөгөн кыйынчылыктарды жаратат. Мисалы, ошондон улам аларга туруктуу жумуш табуу кыйынга турат. Андан тышкары, банктагы эсебинен акча ала алышпайт.

Анткен менен Евгений мындай дейт: «Жахаба бизге ашыгы менен кам көрүп жатты. Чөлдө жүргөн ысрайылдыктардай болуп, эч нерседен кем болгон жокпуз. Кудай кошкон бир туугандарыбыз бизге материалдык жактан да, эмоциялык жактан да, рухий жактан да колдоо көрсөтүп, жөлөп-таяп жатышат».

Бул бир туугандарыбыз аларга туруктуу, бекем болгонго тиленүү, өздүк изилдөө жана Ыйык Китепти үзбөй окуу жардам бергенин айтышкан. Владимир Васильев мындай деп бөлүшкөн: «Ыйык Китепте жазылган окуялар бизге бардык нерсени Жахаба көзөмөлдөп турарын түшүнгөнгө жарам берди. Бул кыйынчылыктардын аркасында Кудайга болгон ишенимибиз бекемделип, ага мурункудан да көбүрөөк таянып калдык».

Куугунтуктун айынан өздөрү да, үй-бүлөлөрү да кыйналып жатканына карабай, алар Жахабага таянууда. Адамдар түбөлүккө созула турган зыян алып келе албай турганын билгендиктен, туруктуулугунан жазбай келишет (Забур 56:4).