Мазмунун көрсөтүү

Өйдө жактын сол тарабында: Пётр Филизнов. Ылдый жактын сол жагында: Андрей Вьюшин. Оң жагында: Александр Кузнецов менен жубайы Мария

13-ФЕВРАЛЬ, 2023 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 6-НОЯБРЬ, 2023
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ. ДОО АРЫЗ ЖАРЫМ ЖАРТЫЛАЙ ОРУНДАТЫЛДЫ | Ярославль шаарындагы үч үй-бүлө куугунтукталууда

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ. ДОО АРЫЗ ЖАРЫМ ЖАРТЫЛАЙ ОРУНДАТЫЛДЫ | Ярославль шаарындагы үч үй-бүлө куугунтукталууда

2023-жылдын 30-октябрында Ярославль шаарындагы Дзержинский райондук соту Пётр Филизновдун жана Андрей Вьюшиндин доо арызын жарым-жартылай орундатты. Алар мурун алты жарым жылга шарттуу соттолушкан. Ошол мөөнөтү кыскартылып, эки жарым жыл болуп калды. Александр Кузнецов менен жубайы Марияга чыгарылган өкүм мурунку күчүндө калды.

2023-жылдын 3-августунда Ярославль шаарындагы Дзержинский райондук соту Пётр Филизновду, Александр Кузнецов менен жубайы Мария Кузнецованы жана Андрей Вьюшинди күнөөлүү деп тапты. Алардын ар бири шарттуу соттолду. Андрей менен Пётрга алты жарым жыл, ал эми Александр менен Марияга эки жарым жыл берилди. Алар азырынча түрмөгө кесилбейт.

Жеке маалымат

Биз да ушул төрт ишенимдүү бир туугандарыбыздай болуп, «Жахабага таянган», ишеними «солкулдабаган» боордошторубуздун арасында болорубуздан шектенбейбиз (Забур 125:1).

Жагдайдын өрчүшү

  1. 13-апрель, 2021

    Бийликтегилер төрт ишенимдешибиздин үйүн тинтип, аларды убактылуу камак жайына камашкан

  2. 15-апрель, 2021

    Тергөө камак жайына камашкан

  3. 14-июль, 2021

    Тергөө камак жайынан бошотулуп, эки жакка чыкканга чектөөлөр коюлган

  4. 9-сентябрь, 2022

    Сот отуруму башталган