2-ФЕВРАЛЬ, 2022
ОРУСИЯ
ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Дайыма бир нерселер менен алек болгону Андрей Власовго оң маанай сактаганга жардам берип келет
2022-жылдын 26-июлунда Кемерово облустук соту Андрей Власовдун доо арызын четке какты. Аны камакта калтырышты.
2022-жылдын 23-майында Прокопьевск шаарынын борбордук райондук соту Андрей Власовду айыптуу деп таап, 7 жылга түрмөгө кескен. Ага чыгарылган өкүм дароо күчүнө кирген.
Жагдайдын өрчүшү
2020-жыл, 2-июль
Андрейге каршы экстремисттик иштерди уюштурду деген айып менен кылмыш иши козголгон
2020-жыл, 12-июль
ФККнын кызматкерлери анын үйүн жана иштеген жерин тинтишкен. Алар Андейдин электрондук каражаттарын жана Ыйык Китебин алып коюшкан. Аны тергөө камак жайына алып кетишкен. Жубайы Натальяны болсо суракка алышкан
2020-жыл, 14-июль
Андрей тергөө камак жайынан бошотулуп, үй камагына которулган
2021-жыл, 9-июнь
Кылмыш иши козголгон
Жеке маалымат
Кубанычын жоготпой, ишениминин бек сактаган Андрей бир тууганыбыздын жана Орусия менен Крымдагы дагы башка ишенимдештерибиздин кызматташтары болуу биз үчүн чоң сыймык (2 Корунттуктар 1:24).