Мазмунун көрсөтүү

Олег менен Агнесса Постниковдор

23-ДЕКАБРЬ, 2021 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 29-АВГУСТ, 2023
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ЖУБАЙЛАР АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ | Жахабанын убадалары жөнүндө ойлонгону Олег менен Агнессага жан дүйнө тынчтыгын берет

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ЖУБАЙЛАР АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ | Жахабанын убадалары жөнүндө ойлонгону Олег менен Агнессага жан дүйнө тынчтыгын берет

2023-жылдын 23-августунда Еврей автономдук облусунун Биробижанский райондук соту Олег менен Агнесса Постниковдорду айыптуу деп тапты. Ал жубайлар беш жыл алты айга жана төрт жыл алты айга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Алар азырынча камакка алынбайт.

2022-жылдын 11-октябрында Еврей автономдук облусунун соту Олег менен Агнесса Постниковдорго чыгарылган айып өкүмүн жокко чыгарды. Алардын иши кайра каралууга жөнөтүлдү.

2022-жылдын 25-апрелинде Еврей автономдук облусунун Биробижанский райондук соту Олег менен Агнесса Постниковдорду айыптуу деп тапкан. Олег 5 жарым жылга, Агнесса 5 жылга шарттуу соттолушкан. Азырынча алар түрмөгө камалбайт.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2021-жыл, 12-февраль

    ФКК Агнессага каршы кылмыш ишин козгогон. Постниковдорго «экстремисттик» максатта «кылмыш» тобун уюштурду деген айып коюлган. Экөөнө тең жашаган жеринен башка жакка чыгууга тыюу салынган. Банк эсептерин да жаап салышкан. Ошондой эле алардын ысымдарын Орусиядагы террористтердин тизмесине киргизишкен

  2. 2020-жыл, 12-февраль

    ФКК Олегге каршы кылмыш ишин козгогон

Жеке маалымат

Постниковдордун окуясы — Жахабанын өз элин алдыдагы кыйынчылыктарга даярдап жатканынын далили. Андыктан келгиле, Жахабанын мээримдүүлүгүнө жана чындыгына мындан ары да таяна берели! (Забур 115:1).