Мазмунун көрсөтүү

Дмитрий жана Надежда Семёновдор

4-НОЯБРЬ, 2022
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ. ЖУБАЙЛАР АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ | Ишенимдештерибизге Ыйык Китептеги инсандардын үлгүсү ишенимин бекем сактаганга жардам берип жатат

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ. ЖУБАЙЛАР АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ | Ишенимдештерибизге Ыйык Китептеги инсандардын үлгүсү ишенимин бекем сактаганга жардам берип жатат

2022-жылдын 8-ноябрында Камчатка крайынын Петропавловск-Камчатский шаардык соту Дмитрий жана Надежда Семёновдорду айыптуу деп тапты. Дмитрий да, Надежда да 4 жылга шарттуу соттолду. Азырынча алар түрмөгө камалбайт.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2021-жыл, 3-сентябрь

    Дмитрий жана Надежда менен Ыйык Китеп тууралуу талкуулашып турган аял ФКК менен кызматташа баштаган. Ал аялдын айткандарынын негизинде аларга каршы кылмыш иши козголгон. Аларга экстремисттик уюмдун иш-чараларына катышты жана башкаларды да ал уюмга кошулууга үндөдү деген айып коюлган

  2. 2021-жыл, 6-сентябрь

    Үйү тинтилген. Суракка алышып, эки жакка чыгууга тыюу салышкан

  3. 2022-жыл, 26-июль

    Сот отуруму башталган

Жеке маалымат

Дмитрий менен Надежданын окуясынан көрүнүп тургандай, Жахаба кызматчыларына кайраттуу, туруктуу болгонго жардам берет. Ал аларды эч качан таштабайт! (Жашыя 1:9)