Мазмунун көрсөтүү

Кирилл Евстигнеев

13-ЯНВАРЬ, 2022
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Жахабага таянганы Кирилл Евстигнеевге ишенимдүү болгонго жардам берет

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Жахабага таянганы Кирилл Евстигнеевге ишенимдүү болгонго жардам берет

2022-жылдын 1-августунда Нижний Новгород шаарынын облустук соту Кирилл Евстигнеевдин доо арызын канааттандыруудан баш тартты. Азырынча ал түрмөгө камалбайт.

2022-жылдын 12-майында Нижний Новгород шаарынын Ленинский райондук соту Кирилл Евстигнеевди күнөөлүү деп таап, 3 жылга шарттуу соттогон.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2021-жыл, 8-октябрь

    Сот отурумдары башталган. Сот алдында турганда ал конференц залды диний жолугушуу өткөрүш үчүн эмес, достору менен отуруш үчүн ижарага алганын түшүндүргөн

  2. 2021-жыл, 24-август

    Кириллге эки жакка чыгууга тыюу салышкан

  3. 2020-жыл, 2-сентябрь

    Конференц залын ижарага алганы үчүн Кириллге «экстремисттик уюмдун иш-чараларын каржылады» деген айып коюлуп, кылмыш иши козголгон

  4. 2019-жыл, 11-июль

    Конференц залын ижарага алуу боюнча келишимге Кирилл кол койгондуктан, бийлик өкүлдөрү анын артынан сая түшүп алышкан. Үйүн да тинтишкен

  5. 2019-жыл, 4-июнь

    Конференц залында жолугушуу болгондон кийин дагы башкаларга кылмыш иши козголгон

  6. 2019-жыл, апрель

    Кирилл жана Нижний Новгороддогу башка Жахабанын Күбөлөрү жеке максатта конференц залын ижарага алышкан

Жеке маалымат

Кирилл менен жубайынын жана Орусияда, Крымда куугунтукка туш болуп жаткан дагы башка ишенимдүү бир туугандарыбыздын кайраттуулугун көрүп, биз дагы «ишенимдүү» болгонго чечкиндүүбүз (Филипиликтер 1:13, 14).