Мазмунун көрсөтүү

Оңдон солго: Ирина Сидорова, Матрёна Спириади, Александр Вергунов

28-ДЕКАБРЬ, 2021
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Жахабанын жардамына таянган ишенимдүү Күбөлөр

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Жахабанын жардамына таянган ишенимдүү Күбөлөр

2022-жылдын 4-апрелинде Хакас Республикасынын Абакан шаардык соту Матрёна Спириадини жана Александр Вергуновду айыптуу деп тапты. Экөө тең 2 жарым жылга шарттуу соттолду. Булар менен бирге Ирина Сидоровага да кылмыш иши козголгон болчу. Бирок, өкүнүчтүүсү, ал каза болуп калды. Матрёна Спириади менен Александр Вергунов азырынча түрмөгө камалбайт.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2021-жыл, 30-март

    Полиция кызматкерлери Матрёна менен Александрдын үйүн тинтишкен

  2. 2020-жыл, 17-июль

    Ирина операциядан кийин абалы оорлоп, каза болгон

  3. 2020-жыл, 20-май

    Полиция кызматкерлери Иринаны «экстремисттик» иштерге катышты деп айыптап, аны суракка алышкан

  4. 2020-жыл, 19-май

    Полиция кызматкерлери Александрды «экстремисттик» иштерге катышты деп айыптап, аны суракка алышкан

  5. 2020-жыл, 20-апрель

    Александрга, Иринага жана Матрёнага каршы кылмыш иши козголгон

Жеке маалымат

Жахаба Кудайыбыз өзүнүн ишенимдүү кызматчыларынын ар бирине назарын салып, ар бирин жогору баалаарына түк да шектенбейбиз. Ал ушундай ишенимдештерибизди эч качан калтырбай турганына толук ишенебиз (Ышая 49:15).