Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Ильхам Каримов, Константин Матрашов, Владимир Мякушин Айдар Юльметьев

19-МАЙ, 2021
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Жахабанын камкордугуна ыраазы болгон Татарстандагы ишенимдештерибиз

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Жахабанын камкордугуна ыраазы болгон Татарстандагы ишенимдештерибиз

2022-жылдын 2-сентябрында Татарстан Республикасынын Жогорку соту Ильхам Каримовдун, Константин Матрашовдун, Владимир Мякушиндин жана Айдар Юльметьевдин доо арызын канааттандыруудан баш тартты. Азырынча алар түрмөгө камалбайт.

2021-жылдын 16-декабрында Татарстан Республикасындагы Набережные Челны шаардык соту Ильхам Каримовду, Константин Матрашовду, Владимир Мякушинди жана Айдар Юльметьевди күнөөлүү деп тапкан. Ильхам менен Константин 30 айга шарттуу соттолушту. Владимир 37 айга, ал эми Айдар 33 айга шарттуу соттолгон.

Жеке маалымат

Ильхам Каримов

  • Туулган жылы: 1981 (Жамбай, Өзбекстан)

  • Кыскача таржымалы: Айнек үйлөгөндү үйрөнгөн. Үй-бүлөсүн багыш үчүн Өзбекстанда ар кандай жумуштарда иштеген. 2000-жылы Орусияга көчүп барган. Күндөрдүн биринде ал Кудайдан жардам сурап кайрылган. Ошондо 2001-жыл болчу экен. Эртеси Жахабанын Күбөлөрүнө жолугуп калып, Ыйык Китепти изилдей баштаган. 2004-жылы болсо чөмүлгөн. 2012-жылы жубайы Юлияга үйлөнгөн

Константин Матрашов

  • Туулган жылы: 1988 (Прокопьевск)

  • Кыскача таржымалы: Атасы ал кичинекей кезинде эле каза болуп калган. Механик болуп иштейт. Апасын багат. Ал Константиндин сегиз жашында Жахабанын Күбөсү болгон. Константинди Ыйык Китептеги үмүт берген кабар кызыктырган. 2018-жылы чөмүлгөн

Владимир Мякушин

  • Туулган жылы: 1987 (Нижнекамск)

  • Кыскача таржымалы: Техникумду жана инженердик академияны бүтүргөн. Унаалардын электр шаймандарын чыгаруу боюнча башкы инженер. Ыйык Китептеги кеңештердин даанышмандыгы, тактыгы, акылга сыярлык болгону ага күчтүү таасир эткен. 2013-жылы чөмүлгөн. Светлана экөө 2017-жылы баш кошушкан

Айдар Юльметьев

  • Туулган жылы: 1993 (Нижнекамск)

  • Кыскача таржымалы: Музыка боюнча билим алган. Ошондой эле автомеханиктин окуусун бүткөн. Устачылык кылып жана автомеханик болуп иштейт. Ыйык Китептеги принциптер ата-энесине жардам берип жатканын көрүп ал китепти изилдей баштаган. 2012-жылы чөмүлгөн. Жубайы Альбинага 2013-жылы үйлөнгөн. Диний көз карашынан улам аскерде кызмат өтөөдөн баш тарткан. Анын ордуна альтернативалык жарандык кызматты өтөгөн

Иштин чоо-жайы

2018-жылдын 27-мартында Татарстанда коопсуздук кызматкерлери 10 Жахабанын Күбөсүнүн үйүн тинтишкен. Акырында, Ильхамды, Константинди, Владимирди жана Айдарды тергөө камак жайына камашкан. Алар 160 күн ошол жерде болуп, андан кийин үй камагына чыгышкан.

Азыр алар үй камагынан бошотулган. Бирок аларды Орусияда «экстремист» деп эсептелгендердин тизмесине киргизишкен. Ошондой эле аларга жашаган жеринен башка жакка чыгууга тыюу салынган. Ошонун айынан алар банк эсебин ала албай, жумуш таба албай кыйналып жатышат.

Камакта отурган кезин эскерип Айдар мындай дейт: «Ыйык Китептеги көптөгөн аяттарды эстедим... Жахаба мага өзүм эстей албай турган көп нерселерди эстетти».

Константин биринчи жолу тергөө камак жайына барганда аябай тынчсызданган. Ошого карабай сотторго, түрмө сакчыларына, камакта отургандарга, полиция кызматкерлерине, көзөмөл кылгандарга кабар айтканга аракет кыла баштаган. Ал: «Камакта отурганда эркиндикте жүргөндөгүгө караганда алда канча көп кишиге кабар айттым. Менин жагдайым так эле элчи Пабыл Филипиликтер 1-бөлүм, 12, 13-аяттарда жазгандай болду. Ал жерде мындай деп жазылган: „Бир туугандар, мен кабылган жагдайлар, чындыгында, жакшы кабардын таратылышына шарт түзгөнүн билишиңерди каалайм. Анткени менин Машаяк үчүн кишенделгеним императордун бардык сакчыларына жана башкаларга маалым болду“»,— дейт.

Ал эми Владимир бир тууганыбыз ишенимдештеринин кантип жардам бергенин айтып берген. Ал: «Аялым досторубуздун ага акча берип турушканын айтты. Ошол акчага мага азык-түлүк сатып алып, жөнөтүп турду. Тергөө камак жайында сырттан киргизиле турган нерселерге белгилүү бир чек коюлган. Мен алган нерселер дайыма ошол чектен ашып кетчү»,— деп айткан.

Ильхам болсо Жахабага мурдагыдан да ынак болуп калганын бөлүшкөн. Ал мындай дейт: «Камакта отурганда асмандагы Атама ого бетер ынак болуп калдым. Азыр ага мурдагыдан да көбүрөөк ишеним артып, көбүрөөк таянып калдым. Узагыраак жана бат-баттан тиленип калдым. Тиленгенде айткан сөздөрүм да маңыздуураак болуп калды».

Биз бул ишенимдештерибиздин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн Кудайга берилгендик сактап жатканы үчүн мол бата аларынан шектенбейбиз (1 Тиметей 2:2).