Мазмунун көрсөтүү

Андрей Ледяйкин

18-НОЯБРЬ, 2021
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Жахаба жана ишенимдештери менен болгон достугу Андрей Ледяйкиндин кайратына кайрат кошууда

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Жахаба жана ишенимдештери менен болгон достугу Андрей Ледяйкиндин кайратына кайрат кошууда

2022-жылдын 26-апрелинде Томск облусундагы Северск шаардык соту Андрей Ледяйкинди айыптуу деп тапты. Ал 26 айга эркинен ажыратылды. Аны дароо эле сот залынан түрмөгө алып кетишти.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2021-жыл, 12-июль

    Сот иши башталган

  2. 2021-жыл, 30-март

    Андрейге экстремисттик иштерге катыштыгы бар деген айып коюлган

  3. 2021-жыл, 29-март

    Ага эки-жакка чыкканга чектөөлөр коюлган

  4. 2021-жыл, 25-март

    Андрейге каршы кылмыш иши козголгон. Анын кесепетинде ал жумушунан айрылган

  5. 2020-жыл, 14-июль

    Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) кызматкерлери жана эки полиция кызматкери Андрейди жумушунан кармап кетишкен. Кийин алар анын үйүн 12 саат тинтишкен

  6. 2020-жыл, март—апрель

    Федералдык коопсуздук кызматы менен жашыруун кызматташкан бир аял Ыйык Китепке кызыгымыш болуп, Андрей менен жана башка ишенимдештерибиз менен сүйлөшкөндөрүн тымызын видеого тартып жүргөн

Жеке маалымат

Андрей бир тууганыбызга учурда оңой болгон жок. Ошентсе да Жахабанын ага «өзгөчө мамиле» кылып жатканын көрүү бизди кандай гана бекемдейт (Забур 4:3).