Мазмунун көрсөтүү

Үстүнкү катар (солдон оңго): Владимир Ермолаев жана жубайы Валерия; Сергей Кирилюк жана жубайы Ольга

Алдыңкы катар (солдон оңго): Игорь Мамалимов жана жубайы Наталья; Александр Путинцев жана жубайы Галина

20-ДЕКАБРЬ, 2021
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Забайкальеде үйү тинтилген төрт ишенимдешибиз соттун чечимин күтүүдө

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Забайкальеде үйү тинтилген төрт ишенимдешибиз соттун чечимин күтүүдө

2022-жылдын 20-сентябрында Забайкалье крайынын соту Владимир Ермолаевдин, Сергей Кирилюктун, Игорь Мамалимовдун жана Александр Путинцевдин доо арызын канааттандыруудан баш тартты. Андыктан Владимир, Игорь жана Александр түрмөдө калды. Сергейге чыгарылган өкүм да өзгөргөн жок.

2022-жылдын 6-июнунда Читанын Борбордук райондук соту Владимирди, Сергейди, Игорду жана Александрды айыптуу деп тапкан. Сергей 6 жылга шарттуу соттолгон. Ал эми Владимир, Игорь жана Александр 6 жарым жылган кесилген. Аларга чыгарылган өкүм дароо күчүнө кирген.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2021-жыл, 16-март

    Сот отурумдары башталган

  2. 2021-жыл, 2-февраль

    Владимирге, Сергейге, Игорго жана Александрга тыюу салынган уюмдун иш-чараларын уюштурду деген айып коюлган

  3. 2020-жыл, 3-апрель

    Владимир үй камагынан бошотулган

  4. 2020-жыл, 15-февраль

    Сергей тергөө камак жайында беш күн отуруп, бошотулган

  5. 2020-жыл, 12-февраль

    Игорь менен Александр камактан бошотулган. Сергейди 72 саатка чейин камашкан. Владимир 52 күнгө үй камагына отургузулган

  6. 2020-жыл, 10-февраль

    Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкерлери Забайкальедеги 50 Жахабанын Күбөсүнүн үйүн тинтишкен. Алардын ичинде улгайган жана майып Жахабанын Күбөлөрү да болгон. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери бир үйдөн апасы менен карындашынын көзүнчө өспүрүм ишенимдешибизди сабашкан. Башка ишенимдешибизди болсо кыйнашкан. Тинтип бүтүшкөндөн кийин 10 бир тууганыбызды, анын ичинде Игорду, Александрды, Сергейди жана Владимирди кармап кетишкен

Жеке маалымат

Бийликтегилердин катуу кысымына карабай Жахабага берилгендик сактайбыз деп «жүрөгүндө... чечип» алган Даниел жана анын үч досундай болгон ушул ишенимдүү бир туугандарыбыздан үлгү ала берели (Даниел 1:8).