Мазмунун көрсөтүү

Светлана Монис менен жолдошу Алам Алиев

3-ФЕВРАЛЬ, 2021
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШБИЗ АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ | Ишеними үчүн соттолуп жаткан Светлана Монис туура маанай сактоодо

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШБИЗ АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ | Ишеними үчүн соттолуп жаткан Светлана Монис туура маанай сактоодо

2022-жылдын 31-октябрында Еврей автономдук облусундагы Биробижан райондук соту Светлана Монисти айыптуу деп таап, 2 жарым жылга шарттуу соттоду. Азырынча ал түрмөгө камалбайт.

2022-жылдын 9-мартында Еврей автономдук облусунун соту Светланага каршы чыгарылган чечимди жокко чыгарган. Анын иши Еврей автономдук облусунун Биробижан райондук сотуна кайра каралууга жөнөтүлгөн.

2021-жылдын 15-февралында Еврей автономдук облусунун Биробижан райондук соту Светланага тыюу салынган уюмдун иштерине катышты деген айып койгон. Сот ага 10 000 рубль (135 АКШ доллары) айып пул салган.

Жеке маалымат

Светлана Монис

  • Туулган жылы: 1977 (Лесозаводск шаары)

  • Кыскача таржымалы: Барган сайын начарлай берген көз оорусу менен ооруйт. Тил үйрөнгөндү жакшы көрөт. Кытай, немис, англис тилдерин үйрөнгөн. Уулун жалгыз чоңойтуп-өстүргөн. Үй-бүлөсүн багыш үчүн чакан кытай ресторанын ачкан

    Дүйнөдө күч алган адилетсиздик жүрөгүн өйүчү. Бирок Ыйык Китепти изилдеп баштагандан кийин сооронуп калган. Ал 2005-жылы чөмүлгөн. 2015-жылы болсо Алам Алиевке турмушка чыккан. Жолдошуна да ишеними үчүн кылмыш иши козголгон

Иштин чоо-жайы

2019-жылдын 26-сентябрында Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) тергөөчүсү Д. Янкин Светланага каршы кылмыш ишин козгогон. Сот ага (ал 91 жаштагы таенесине каралашканга барып турушу керек болсо да) эки айга жакын унаасын айдаганга тыюу салган.

Алгачкы тергөө иштери 2019-жылы, декабрда аяктаган. Бир нече айдан кийин бийлик өкүлдөрү ишти Биробижан райондук сотуна өткөрүшкөн.

Башынан өткөн куугунтук тууралуу Светлана мындай дейт: «Бийлик өкүлдөрү үйүбүздү тинткени келгенде, такыр тынчсызданган жокмун. Ошол учурда өмүрүмдө биринчи жолу: „Адилдик үчүн куугунтукталгандар бактылуу“,— деген сөздөрдү түшүндүм» (Матай 5:10).

Үйүн тинтип бүткөндөн кийин кызматкерлер анын жолдошу Аламды убактылуу тергөө камак жайына алып кетишкен. Ошол жакта ал 8 күн отурган. Светлана мындай деп эскерет: «Баарынан да жолдошум үчүн сарсанаа болуп жаттым. Себеби белиндеги өнөкөт оорусу күчөй баштаган. Үйүбүздү тинтишкенге чейинки жумада ал ооруканадан чыгып келген. Аны менен такыр көрүштүрүшкөн жок. Ошон үчүн анын кандай акыбалда экенин биле алган жокмун. Мен Жахабага кандай сезимде болуп жатканымды, тынчымды алган нерсенин баарын ага артарымды, ошондой эле анын Аламга эң сонун кам көрүп коё аларын билеримди айттым».

Жахаба аны менен экенине Светлана такыр шектенген эмес. «Жахабанын колдоосун өз көзүм менен көрүп, сезим жаттым,— дейт ал.— Ошол учур дүрбөлөңгө түшө турган учур эмес экенин түшүндүм... Мен көңүлдү өзүмө топтобогонго аракет кылдым. Анын ордуна, канткенде Жахабага берилген бойдон кала аларым тууралуу көп ойлондум».

Туура маанай сактаганга жардам берген бекем ишеним өрчүтүш үчүн Светлана менен Алам аябай аракет кылышкан. Светлана: «Жолдошум экөөбүз күн сайын күндөлүк аятты жана Ыйык Китептен бир бөлүм окуп, талкуулайбыз. Жахабага таянганга үндөгөн жана күч-кайратка толтурган Ыйык Китептеги аяттарга, билдирүүлөргө өзгөчө көңүл бурабыз»,— дейт. 2019-жылы жылдык аят катары тандалган Ышая 41:10догу: «[Тынчсызданба], анткени мен сенин Кудайыңмын»,— деген сөздөр Жахабанын аларды сүйөрүн дагы бир жолу эсине салып, ошого ынандырган. «Биз ал аятты кагазга чыгарып алып, рамкага салып койдук»,— деп кошумчалаган Светлана.

Анын туруктуулугу Жахабанын Күбөсү болбогон туугандарына жакшы таасир эткен. Светлана мандай дейт: «Бир учурда бизге каршы болуп жүргөн апама кабар айтканга жашы мүмкүнчүлүк болду. Азыр ал биздин көз карашыбызды сыйлайт. Бизге боор ооруй турганын айтып, колдоп турат. 91 жаштагы православие динин туткан таенем да бизге боору ачып, сарсанаа болуп жатканын дайыма айтып турат. Ал Ыйык Китепте жазылгандарга да чындап кызыга баштады».

Биз мындан ары да Светлана менен Алам үчүн тилене беребиз. Ошондой эле Жахаба алардын «жүрөгүн бекем» кылганы үчүн мындан ары да туура маанайда болорунан шектенбейбиз (Забур 10:17, «Үмүт нуру» котормосу).