30-АВГУСТ, 2022 | 8-АВГУСТ, 2023
ОРУСИЯ
ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШИБИЗГЕ АЙЫП ПУЛ САЛЫНДЫ | «Жахабага андан ары да таяна бергеним маанилүү»
2023-жылы 3-августта Хабаровск крайынын Бикинск райондук соту Сергей Казаковду айыптуу деп таап, 500 000 рубль (5 186 АКШ доллары) айып пулга жыкты.
Жагдайдын өрчүшү
2020-жыл, 9-ноябрь
Кылмыш иши козголгон. Экстремисттик иштерди уюштурууда деген айып коюлган
2020-жыл, 21-декабрь
Тергөө комитети жана ФККнын кызматкерлери 10 үйдү, анын ичинде Сергейдин үйүн тинтишкен. Аны кармап кетип, камап коюшкан
2020-жыл, 23-декабрь
Тергөө камак жайына камашкан
2021-жыл, 4-июнь
Үй камагына чыгарышкан
2021-жыл, 5-август
Үй камагынан бошотулган
2022-жыл, 28-февраль
Сот отуруму башталган. Сот айыптоочунун процедуралык катасынын айынан ишти кайра прокуратурага жөнөткөн
2022-жыл, 28-апрель
Хабаровск крайынын соту Бикинск шаардык сотунун чечимин жокко чыгарып, сот ишин кайра баштапкы сотко жөнөткөн
2022-жыл, 14-июнь
Сот отуруму кайрадан башталган
Жеке маалымат
Биз да, Сергейдей болуп, Забур 31:14төгү: «Мен сага таянам, Жахаба. „Кудайым сенсиң“»,—деп жазылгандарга ылайык иш кыла берели!