Мазмунун көрсөтүү

Людмила Саликова бир тууганыбыз

31-ЯНВАРЬ, 2022 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 27-МАРТ, 2023
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШИБИЗДИН ЖАЗА МӨӨНӨТҮ КЫСКАРТЫЛДЫ | Людмила Саликова бир тууганыбыз күчтү жана сооронучту Жахабадан алып жатат

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШИБИЗДИН ЖАЗА МӨӨНӨТҮ КЫСКАРТЫЛДЫ | Людмила Саликова бир тууганыбыз күчтү жана сооронучту Жахабадан алып жатат

2023-жылдын 23-мартында Челябинск облустук соту Людмила Саликованын экинчи доо арызын карап чыккандан кийин анын ишине байланыштуу чечим чыгарды. Сот алты жылга шарттуу соттолсун деген чечимди өзгөртүп, Людмиланы эки жарым жылга шарттуу соттоду. Азырынча ал түрмөгө камалбайт.

2022-жылдын 17-мартында Челябинск облустук соту Людмиланын доо арызын канааттандырбай койгон.

2022-жылдын 20-январында Челябинск облусунун Снежинск шаардык соту Людмила Саликованын ишине байланыштуу чечимин жарыялап, аны 6 жылга шарттуу соттоду. Людмила бир тууганыбыз азырынча түрмөгө камалбайт.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2020-жыл, ноябрь

    Полиция кызматкерлери Снежинск облусундагы төрт Жахабанын Күбөсүнүн, анын ичинде Людмила Саликованын үйүн тинтишкен. Андан кийин анын жумушуна да барышкан. Ошонун айынан Людмила жумуштан кеткенге аргасыз болгон

  2. 2021-жыл, 26-август

    Людмилага каршы кылмыш иши козголгон. Ага «тыюу салынган уюмдун иш-чараларын уюштурду» жана «тыюу салынган адабияттарды башка жактан алып келүүдө» деген айып коюлган

  3. 2021-жыл, 8-декабрь

    Сот отуруму башталган

Жеке маалымат

Орусиядагы ишенимдештерибиз күчтү, сооронучту камкор Жаратканыбыз Жахабадан алып жатат. Мээримдүү Кудайыбыз «топурактан жаралган ажалдуу адам экинчи эч кимди коркута албашы» үчүн «жетимге, кыйналганга адилет өкүм чыгарарына» ынандырат (Забур 10:18).