9-МАРТ, 2022 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 2-МАЙ, 2024
ОРУСИЯ
ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШИБИЗ АЙЫПСЫЗ ДЕП ТАБЫЛДЫ | Ишенимдештери үчүн тиленгени Кирилл Гущинге кайрат берүүдө
2024-жылдын 2-майында Кабарда-Балкар Республикасындагы Майский райондук соту Кирилл Гущинди айыпсыз деп тапты. Ага коюлган айыптардын баары жокко чыгарылды.
Жагдайдын өрчүшү
2020-жыл, 20-май
Федералдык коопсуздук кызматынын бет кап кийген, куралчан кызматкерлери Кириллди жумушуна баратканда алдынан торошкон. Анын колуна кишен салып, кайра үйүнө алып барышкан. Кирилл менен жубайы Светлананы бир бөлмөгө отургузуп коюп, үйүн тинтишкен. Кызматкерлердин бири уктаган бөлмөгө жана башка бөлмөгө тыюу салынган адабияттарды таштап койгон
2021-жыл, 26-апрель
Жыйналыш жолугушууларын тымызын аудиого жаздырып жүргөн бир аялдын айткандарынын негизинде бийликтегилер Кириллге каршы кылмыш ишин козгошкон. Тергөөчү аны диний мазмундагы ырларды ырдаганы, тиленгени, 1 Корунттуктар 13:8де жазылган: «Сүйүү эч качан жок болбойт»,— деген сөздөрдүн негизинде талкуу жүргүзгөнү үчүн айыптаган
2021-жыл, 28-апрель
Кириллге расмий түрдө айып тагылган. Светланага жана башка төрт эже-карындашыбызга каршы да кылмыш иши козголгон
2021-жыл, 19-май
Федералдык коопсуздук кызматынын бир кызматкери Кириллге каршы күбөгө өткөн кишиге кысым көрсөткөнү айкын болгон. Көрсө, ал кызматкер мурун дагы жалган материалдардын негизинде Жахабанын Күбөлөрүнө каршы кылмыш ишин козгоого катышып жүрчү экен. Тергөө бөлүмүнүн жетекчиси андан ары иликтөө максатында иш кайрадан айыптоочуга кайтарылып берилсин деген буйрук чыгарган
2021-жыл, 7-июнь
Кириллдин иши Майский райондук сотко өткөрүлгөн
Жеке маалымат
Жахаба Кириллге кыйналып жаткан учурда «коопсуз чеп болгондой» эле, Орусия менен Крымдагы ишенимдештерибиздин баарына куугунтук учурунда «коопсуз чеп болуп» береринен түк да күмөн санабайбыз (Забур 9:9, 10).