1-ФЕВРАЛЬ, 2023 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 1-АВГУСТ, 2023
ОРУСИЯ
ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШИБИЗ АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ | «Жагдайымды эмес, ага карата көз карашымды өзгөртүшүм керек экен»
2023-жылдын 28-июлунда Владимир облусундагы Ковровский шаардык соту Борис Симоненкону айыптуу деп таап, аны 2 жыл 7 айга эркинен ажыратты. Бирок ал буга чейин эле тергөө камак жайында жана үй камагында отургандыктан, мөөнөтү өтөлгөн болуп эсептелет. Азыр ал камакка алынбайт.
Жеке маалымат
Борис жана анын үй-бүлөсү Жахаба менен мамилесин ынак сактап, кайратынан жазбай, кубанычын жоготпой кызмат кыла берет деп бекем ишенебиз (1 Жылнаама 16:27).
Жагдайдын өрчүшү
8-февраль, 2021
Бийликтегилер Бористи расмий түрдө суракка алыш үчүн анын телефон менен сүйлөшкөндөрүн жашыруун түрдө жаздырышкан
17-февраль, 2021
Үйүн тинтишкен. Суракка алышкан жана убактылуу камак жайына камашкан
18-февраль, 2021
Кылмыш иши козголгон. Жахабанын Күбөлөрүнүн жолугушууларын интернет аркылуу өткөргөнү үчүн айыпталган. Тергөө камак жайына камалган
13-июль, 2021
Тергөө камак жайынан бошотулуп, үй камагына алынган
17-февраль, 2022
Үй камагынан бошотулган. Бирок эки жакка чыкканга чектөөлөр коюлган
15-сентябрь, 2022
Сот отуруму башталган