Мазмунун көрсөтүү

Алексей Куприянов жана жубайы Елена

16-ФЕВРАЛЬ 2023 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 21-СЕНТЯБРЬ, 2023
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШИБИЗ АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ | «Жахабага болгон ыраазычылыгым ого бетер артты»

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШИБИЗ АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ | «Жахабага болгон ыраазычылыгым ого бетер артты»

2023-жылы 15-сентябрда Владимир облусундагы Ковровский шаардык соту Алексей Куприяновду айыптуу деп таап, бир жылга кести. Ал буга чейин тергөө камак жайында жана үй камагында отурган. Ошол убакытты эсепке алганда, анын кесилген мөөнөтү өтөлдү деп эсептелет. Андыктан ал азыр түрмөгө камалбайт.

Жеке маалымат

Биз да Жахаба берген рухий тамак менен азыктанганга ынтызарбыз. Бул бизге «Ибилистин айла-амалдарына» каршы тура алышыбыз үчүн «бардык курал-жарактар менен куралданганга» жардам берет (Эфестиктер 6:11).

Жагдайдын өрчүшү

  1. 17-февраль, 2021

    Полиция кызматкерлери жети Жахабанын Күбөсүнүн үйүн, анын ичинде Куприяновдун үйүн тинтишкен. Жыйырма үч ишенимдешибизди суракка алышкан

  2. 28-июнь, 2021

    Кылмыш иши козголгон. Жолугушууларга барып, экстремисттик деп табылган уюмдун иштерине катышты деп айыпталган

  3. 8-июль, 2021

    Үйү экинчи жолу тинтилген. Суракка алынып, убактылуу тергөө камак жайына камалган

  4. 9-июль, 2021

    Тергөө камак жайына которулган

  5. 19-ноябрь, 2021

    Тергөө камак жайынан бошотулуп, үй камагына алынган

  6. 21-июнь, 2022

    Үй камагынан бошотулуп, эки жакка чыкканга чек коюлган. Кандай иштерди кыларына да чек коюлган

  7. 4-октябрь, 2022

    Сот отуруму башталган