Мазмунун көрсөтүү

Андрей Перминов менен жубайы Наталья

26-ОКТЯБРЬ, 2022 | ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: 22-НОЯБРЬ, 2022-ЖЫЛ
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ. ИШЕНИМДЕШИБИЗ АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ | «Жахабанын жардамы менен баарын жеңе алам»

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ. ИШЕНИМДЕШИБИЗ АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ | «Жахабанын жардамы менен баарын жеңе алам»

2022-жылдын 21-ноябрында Челябинск облусунун Аша шаардык соту Андрей Перминовду айыптуу деп таап, алты жылга шарттуу соттоду. Азырынча ал түрмөгө камалбайт.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2021-жыл, 11-июнь

    Аша жана Миньяр шаарларындагы Жахабанын Күбөсү болгон беш үй-бүлөнүн, анын ичинде Андрейдин, үйү тинтилген. Бийликтегилер көптөгөн жеке буюмдарын тартып алышкан

  2. 2021-жыл, 10-ноябрь

    Эки жакка чыгууга тыюу салынган

  3. 2022-жыл, 27-апрель

    Экстремисттердин уюмуна таандык деп айыпталып, террористердин тизмесине кошулган

  4. 2022-жыл, 6-июнь

    Сот отуруму башталган

Жеке маалымат

Андрейдей болуп биз да Жахабанын байыркы убактагы ишенимдүү кызматчыларын кантип колдогонун окуп, ой жүгүртсөк, кайраттуу боло алабыз. Жахабанын: «Өзүм иш-аракет кылам, силерди көтөрүп, колдоп, сактап жүрөм»,— деген убадасына толугу менен ишенебиз (Ышая 46:4).