Мазмунун көрсөтүү

Ирина Буглак

13-ДЕКАБРЬ, 2021 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 13-ИЮНЬ, 2023
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ. ИШЕНИМДЕШИБИЗ АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ | «Жахаба Кудайым менен ынак болгонум үчүн кубанычым бөксөрбөйт»

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ. ИШЕНИМДЕШИБИЗ АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ | «Жахаба Кудайым менен ынак болгонум үчүн кубанычым бөксөрбөйт»

2023-жылы 6-июнда Приморье крайындагы Партизанск шаардык соту Ирина Буглакты айыптуу деп таап, эки жарым жылга шарттуу соттоду. Ал азырынча түрмөгө камалбайт.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2021-жыл, 6-август

    Иринага каршы козголгон иш Партизанск шаардык сотко кайтарылып келген

  2. 2020-жыл, 30-ноябрь

    Иринанын айыптуу экенине эч кандай далил жок болсо да, анын ишин кайра прокуратурага өткөрүп беришкен

  3. 2020-жыл, 31-январь

    107 күн үй камагында отургандан кийин бошотулган

  4. 2019-жыл, 16-октябрь

    Тергөө камак жайында 179 күн отургандан кийин Иринаны үй камагына бошотушкан

  5. 2019-жыл, 20-апрель

    Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкерлери түңкү саат 3тө Иринанын үйүн тинтишкен. Ага диний жолугушууларды уюштурду жана өткөрдү деген айып тагылган. Иринаны тергөө камак жайына камап коюшкан. Анын ал жактагы мөөнөтү 3 жолу узартылган

  6. 2019-жыл, 19-апрель

    Федералдык коопсуздук кызматынын 8 кызматкери 80 жаштагы Нелли Тарасюк деген ишенимдешибиздин үйүн тинтишкен. Анын үйүндө Ирина менен Нелли бир тууганыбыздын кызы Наталья жана бир нече ишенимдешибиз бар болчу. Тинтүү маалында Нелли бир тууганыбыз өзүн жаман сезгендиктен, аны доктурга жеткиришкен. Калган эже-карындаштарды таң аткыча суракка алышкан. Иринаны болсо камакка алышкан

Жеке маалымат

Жахабадан Иринага жана Орусиядагы башка сүйүктүү бир туугандарыбызга башына түшкөн ушундай кыйынчылыкты чыдамдуулук, кубаныч менен көтөрүүгө жардам бере берсин деп мындан ары да тилене беребиз (Колосалыктар 1:11).