Мазмунун көрсөтүү

Сергей Кузнецов

5-МАЙ, 2022| ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 26-ДЕКАБРЬ, 2022
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШИБИЗ АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ | Жахаба Сергей Кузнецовго дем-күч берүүдө

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШИБИЗ АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ | Жахаба Сергей Кузнецовго дем-күч берүүдө

2022-жылдын 22-декабрында Хабаровск крайынын Вяземск райондук соту Сергей Кузнецовду айыптуу деп таап, ал 2 жыл беш айга шарттуу соттолду. Ал азырынча түрмөгө камалбайт.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2020-жыл, 3-сентябрь

    ФККнын кызматкерлери Сергейдин үйүн тинтип, Ыйык Китебин, электрондук каражаттарын, флешкаларын жана адабияттарды тартып алышкан

  2. 2021-жыл, 2-апрель

    Экстремисттердин тизмесине кошулган. Банк эсеби тоңдурулган

  3. 2021-жыл, 9-ноябрь

    Сот отуруму башталган

Жеке маалымат

Жахаба Орусиядагы жана Крымдагы анын ысмы үчүн куугунтукталып жаткан ишенимдештерибизге дем-күч берет деп толугу менен ишенебиз (Аян 2:3).