Мазмунун көрсөтүү

Валерий Вязников

11-ИЮЛЬ, 2023 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 9-НОЯБРЬ, 2023
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШИБИЗ АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ | «Жахаба мени эч качан таштабайт»

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШИБИЗ АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ | «Жахаба мени эч качан таштабайт»

2023-жылы 7-ноябрда Приморье крайына караштуу Пожарский шаардык соту Валерий Вязниковду айыптуу деп таап, эки жарым жылга шарттуу соттоду. Ал азырынча түрмөгө камалбайт.

Жеке маалымат

Валерийдей болуп, мындан ары да Кудайдын Сөзүнүн күчүнө таяна берели. Ошондо биз да башыбызга түшкөн кыйынчылыктардын баарын туруктуулук менен көтөрүп кете алабыз (Еврейлер 4:12).

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2018

    Тергөөчүлөр Лучегорск шаарындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн телефондорун тыңшап, кыймыл-аракетттерин аңдышкан. Өкмөт тарабынан жиберилген тыңчылар Ыйык Китепке кызыгымыш болуп, ошол аймактагы көптөгөн Жахабанын Күбөлөрү менен сүйлөшкөнүн жашыруун жаздырышкан

  2. Июль, 2021

    Валерийге каршы кылмыш иши козголгон. Ага тыюу салынган уюмга башкаларды киргизгенге аракет кылды деген айып тагылган

  3. Декабрь, 2022

    Эки жака чыгууга чек коюлган

  4. Февраль, 2023

    Сот иши башталган