Мазмунун көрсөтүү

Борис Яговитов менен жубайы Наталья

30-СЕНТЯБРЬ, 2022
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ. ИШЕНИМДЕШИБИЗ АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ |Көңүл чөгөттүктү оң маанай менен жеңип жаткандар

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ. ИШЕНИМДЕШИБИЗ АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ |Көңүл чөгөттүктү оң маанай менен жеңип жаткандар

2022-жылдын 10-октябрында Хабаровск крайынын Солнечный райондук соту Борис Яговитовду айыптуу деп таап, 5 жылга шарттуу соттоду. Борис бир тууганыбыз тергөө камак жайында 5 айдан бери отурган. Соттун чечими чыкканда, ал дароо бошотулду. Азырынча ал түрмөгө камалбайт.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2021-жыл, 14-декабрь

    Тергөөчүлөр Борис менен Ыйык Китепке кызыгымыш болуп жүргөн жашыруун полиция кызматкеринин сүйлөшкөн аудио жаздырууларын текшерип чыгышкан

  2. 2021-жыл, 14-май

    Бориске каршы кылмыш иши козголгон. Экстремисттик уюмдун жолугушууларына катышып, жаңыларды да тартууда деген айып коюлган

  3. 2021-жыл, 5-июнь

    Үйүн тинтип, Наталья экөөнү суракка алышкан. Андан кийин Борис убактылуу кармоочу жайга жөнөтүлгөн

  4. 2021-жыл, 7-июнь

    Убактылуу кармоочу жайдан бошотулуп, үй камагына алынган

  5. 2021-жыл, 29-декабрь

    Сот отуруму башталган. Сот учурунда айыптоочу Бористи үй камагынын шарттарын бузду деп айыптап, аны тергөө камак жайына камоону талап кылган. Бийликтегилер аны тергөө камак жайына жөнөтүшкөн

  6. 2022-жыл, 24-февраль

    Тергөөчүлөр айрым эрежелерди бузгандыктан, иш кайра айыптоочуга кайтарылган. Бирок Борис тергөө камак жайынан бошотулган эмес

  7. 2022-жыл, 9-июнь

    Сот отуруму улантылган

Жеке маалымат

Борис менен Наталья акылын адил жана мактоого татыктуу нерселерге толтуруп, эң сонун үлгү көрсөтүп жатышат. «Тынчтыктын Кудайы» мындан ары да алар менен болоруна толук ишенебиз (Филипиликтер 4:8, 9).

a Макала даярдалып жаткан учурда Борис Яговитов тергөө камак жайында болгондуктан, аны менен дил маек куруу мүмкүн болгон жок.