Мазмунун көрсөтүү

Кемерево облусунун Новокузнецк шаарындагы Кузнецкий райондук соту

20-ФЕВРАЛЬ, 2023 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 14-ИЮЛЬ, 2023
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ. ИШЕНИМДЕШИБИЗ АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ | «Мен баарын көтөрө алам»

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ. ИШЕНИМДЕШИБИЗ АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ | «Мен баарын көтөрө алам»

2023-жылдын 11-июлунда Новокузнецк шаарындагы Кузнецкий райондук соту Любовь Серебрякованы айыптуу деп таап, төрт жылга шарттуу соттоду. Ал азырынча түрмөгө камалбайт.

Жеке маалымат

Любовь бир тууганыбыздын Жахаба «өзү иш-аракет кыларын» билип, ага мурункудан да көбүрөөк таянганы бизге сонун үлгү. Биз да башыбызга оор кыйынчылык түшкөндө аны туураганга чечкиндүүбүз (Забур 37:5).

Жагдайдын өрчүшү

  1. Ноябрь, 2019—2020

    Бийликтегилер Новокузнецк шаарындагы айрым ишенимдештерибиздин телефонун тыңшап, жашыруун камера аркылуу аңдышкан

  2. 8-июль, 2022

    Жахабанын Күбөлөрүнүн жолугушуусуна барганы үчүн жана башкалар менен Ыйык Китеп тууралуу сүйлөшкөнү үчүн Любовь Серебряковага каршы кылмыш иши козголгон

  3. 26-июль, 2022

    Экстремисттик деп аталган уюмдун иштерине катышты деп айыпталган. Ошондой эле эки жакка чыкканга чектөөлөр коюлган

  4. 21-сентябрь, 2022

    Сот отуруму башталган

a Бул макала даярдалып жатканда Любовь Серебрякованын сүрөтү колдо жок болуп калды