26-СЕНТЯБРЬ, 2022 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 16-ЯНВАРЬ, 2023
ОРУСИЯ
ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ. ИШЕНИМДЕШИБИЗ АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ | Рухий жактан бекем болуу коркунучту сүрүп чыгарат
2023-жылдын 12-январында Тува Республикасынын Кызыл шаардык соту Анатолий Сенинди айыптуу деп тапты. Ал ишенимдешибиз алты жылга шарттуу соттолду. Бирок азырынча түрмөгө камалбайт.
Жагдайдын өрчүшү
2021-жыл, 28-январь
Үйүн тинтишкенден кийин Анатолийди кармап кетишип, убактылуу кармоочу жайга камап коюшкан
2021-жыл, 30-январь
Камактан бошотулуп, үй камагына отургузулган
2021-жыл, 27-март
Үй камагынан бошотулган, бирок эки жакка чыгууга чектөөлөр коюлган
2022-жыл, 17-январь
Жахабанын Күбөлөрүнүн ишин уюштурууга катышты деген айып коюлган
2022-жыл, 6-апрель
Сот отуруму башталган
Жеке маалымат
Биз да Иса Машаяктын шакирттерине: «Жүрөгүңөр түпөйүл болуп, коркунучтан кысылбасын»,— деп айткан сөздөрүнөн күч-кубат алабыз (Жакан 14:27).