Мазмунун көрсөтүү

Иван Шулюк

16-ФЕВРАЛЬ, 2022 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 1-МАЙ, 2023
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШИБИЗ АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ | Сыноолорго сынбаганга Иван Шулюкка чыдамдуу болгону жардам берүүдө

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШИБИЗ АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ | Сыноолорго сынбаганга Иван Шулюкка чыдамдуу болгону жардам берүүдө

2023-жылдын 10-майында Красноярск облусунун Назаровск шаардык соту Иван Шулюкту айыптуу деп таап, аны 7 жылга шарттуу соттоду. Ал азырынча камакка алынбайт.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2020-жыл, 18-июнь

    Куралчан полиция кызматкерлери Шулюктордун үйүнө кирип келишкен. Тинтүүгө алынгандан кийин Иван Шулюкту убактылуу тергөө камак жайына камап коюшкан

  2. 2020-жыл, 19-июнь

    Сот Иванды тергөө камак жайына 2 айга камоону чечкен

  3. 2020-жыл, 9-июль

    Иван тергөө камак жайынан бошотулган. Бирок чогуу жашагандардан тышкары башкалар менен сүйлөшкөнгө жана эртең мененки 6дан кечки 11ге чейин үйүнөн чыгышына тыюу салышкан. Ошонун айынан жумушта иштегенге мүмкүн эмес болуп калган

  4. 2020-жыл, 14-август

    Айыптоочу чектөөлөрдү дагы узартууну суранган. Бирок сот ишенимдешибиздин жакшы жүрүм-турумун эске алып, айыптоочунун доо-арызын канааттандырган эмес. Ошондон кийин Ивандан көптөгөн чектөөлөр алынган

  5. 2020-жыл, 17-август

    Иванга эки жакка чыгууга тыюу салышкан

  6. 2020-жыл, 15-сентябрь

    Сот отуруму башталган

Жеке маалымат

Жахабанын «өзүнө берилген адамдарды сыноодон кантип куткарууну» билерине кандай гана ыраазыбыз (2 Петир 2:9).