6-МАЙ, 2022 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 21-ФЕВРАЛЬ, 2023
ОРУСИЯ
ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШИБИЗ АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ | Татьяна Обижествит Жахабага ишеним артууда
2023-жылдын 20-февралында Казань шаарынын (Татарстан Республикасы) Вахитовский райондук соту Татьяна Обижествитти айыптуу деп таап, 2 жылга шарттуу соттоду. Бирок азырынча түрмөгө камалбайт.
Жагдайдын өрчүшү
2020-жыл, 19-январь
Бийликтегилер Казань шаарындагы бир нече Жахабанын Күбөсүнүн жана Татьянанын үйүн тинтишкен. Татьяна суракка алынган жана убактылуу тергөө камак жайына жөнөтүлгөн
2020-жыл, 21-январь
Тергөө камак жайынан бошотулуп, үй камагына алынган
2021-жыл, 25-май
Сот отуруму башталган
Жеке маалымат
Татьянанын үлгүсү бизге дем-күч берет. Анын өз акылына эмес, толугу менен Жахабага таянып, туруктуулук көрсөтүп жатканын абдан баалайбыз (Накыл сөздөр 3:5).