10-АВГУСТ, 2022
ОРУСИЯ
ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ. ИШЕНИМДЕШИБИЗ АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ | Ыраазы болгону Виктор Шаяповго кубанычын сактаганга жардам берүүдө
2022-жылдын 7-ноябрында Пенза облусунун Никольск райондук соту Виктор Шаяповду айыптуу деп таап, аны 2 жылга шарттуу соттоду. Ал азырынча камакка алынбайт.
Жагдайдын өрчүшү
2021-жыл, 19-август
Кылмыш иши козголгон. Ага экстремисттик иштерге катыштыгы бар деген айып коюлган
2022-жыл, 5-февраль
Полиция кызматкерлери Виктордун унаасын токтотушкан. Андан кийин үйүн тинтишип, аны 740 чакырым алыс жайгашкан Пензага алып кетишкен
2022-жыл, 6-февраль
Убактылуу тергөө камак жайына камашкан
2022-жыл, 8-февраль
Убактылуу тергөө камак жайынан үй камагына чыгарышкан
2022-жыл, 28-март
Сот отуруму башталган
Жеке маалымат
Кыйын кезеңде Жахабанын акылыбыз менен жүрөгүбүздү коргош үчүн өзүнүн «тынчтыгын» бергенине кандай гана ыраазыбыз! (Филипиликтер 4:7)