Мазмунун көрсөтүү

Солдо: Юрий Баранов менен жубайы Надежда. Оңдо: Николай Степанов менен жубайы Алла

8-ИЮНЬ, 2022
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШИБИЗ БОШОТУЛДУ | Ишенимдештери дем-күч берүүдө

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШИБИЗ БОШОТУЛДУ | Ишенимдештери дем-күч берүүдө

2022-жылдын 10-ноябрында Вологда облустук соту Юрий Барановдун жана Николай Степановдун доо арызына байланыштуу чечимин жарыялады. Юрийге чыгарылган өкүм өзгөртүлгөн жок. Ал эми буга чейин 4 жылга түрмөгө кесилген Николай 4 жылга шарттуу соттолду. Аны камактан дароо бошотушту.

Вологда шаарынын Вологодский райондук соту Юрий менен Николайду айыптуу деп тапкан. Юрий 4 жылга шарттуу соттолгон. Ал азырынча түрмөгө камалбайт. Николай болсо 4 жылга түрмөгө кесилген. Аны сот залынан дароо түрмөгө алып кетишкен.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2019-жыл, 19-декабрь

    Полиция кызматкерлери Вологдадагы Жахабанын Күбөсү болгон алты үй-бүлөнүн үйүн тинтишкен. Юрий менен Николайды кармап кетип, убактылуу тергөө камак жайына камашкан

  2. 2019-жыл, 20-декабрь

    Юрий убактылуу тергөө камак жайынан бошотулуп, үй камагына алынган

  3. 2019-жыл, 23-декабрь

    Николай камакка алынган

  4. 2020-жыл, 16-март

    Юрий үй камагынан бошотулган, бирок ага анын кылмыш ишине тиешеси бар адамдар менен байланышууга жана телефонду, Интернетти колдонууга тыюу салынган

  5. 2020-жыл, 19-май

    Юрийге коюлган чектөөлөр алынган

  6. 2020-жыл, 13-август

    Николай убактылуу тергөө камак жайынан бошотулуп, үй камагына алынган

  7. 2020-жыл, 25-сентябрь

    Николай үй камагынан бошотулган

  8. 2022-жыл, 7-март

    Сот отуруму башталган

Жеке маалымат

Ишенимдештерибиздин куугунтукка карабай Жахабага берилгендик сактап жатканын көрүп, ишенимибиз бекемделбей койбойт (1 Тесалоникалыктар 3:7).