Мазмунун көрсөтүү

Ольга Желавская

17-ЯНВАРЬ, 2023 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 17-АПРЕЛЬ, 2023
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШИБИЗ КҮНӨӨЛҮҮ ДЕП ТАБЫЛДЫ | «Жахаба дайыма жанымда»

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШИБИЗ КҮНӨӨЛҮҮ ДЕП ТАБЫЛДЫ | «Жахаба дайыма жанымда»

2023-жылдын 17-апрелинде Челябинсктеги Металлургический райондук соту Ольга Желавскаяны күнөөлүү деп таап, эки жылга шарттуу соттоду. Ал азырынча түрмөгө камалбайт.

Жеке маалымат

Башыбызга кандай гана оор сыноолор түшпөсүн, эч качан «олку-солку болбой» турганыбыздан шектенбейбиз, анткени Жахаба мээримдүүлүгү менен колдоп турат (Забур 16:8).

Жагдайдын өрчүшү

  1. 16-июнь, 2018

    Бийликтегилер Ольганын үйүн аудио-видеого жаздырып тинтүүгө уруксат берген

  2. 26-март, 2019

    Владимир Суворовдун суракка алынганына байланыштуу Ольганын үйүн тинтишкен

  3. 31-август, 2021

    Кылмыш иши козголгон. Үйүндө жолугушуулар өткөрүлүп, экстремисттик деп табылган уюмдун иштерин колдогону үчүн айыпталган

  4. 22-октябрь, 2021

    Инсульт болуп, ооруканага жаткырылган

  5. 28-сентябрь, 2022

    Сот отуруму башталган