Мазмунун көрсөтүү

Николай Сапаров менен жубайы Наталья (оңдо) жана алардын кызы Анастасия (солдо)

8-НОЯБРЬ, 2022| ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 22-ЯНВАРЬ, 2024
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШИБИЗ ТҮРМӨГӨ КАМАЛДЫ | Тиленүү жана Ыйык Китепти окуу туруктуу бойдон калууга жардам берүүдө

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШИБИЗ ТҮРМӨГӨ КАМАЛДЫ | Тиленүү жана Ыйык Китепти окуу туруктуу бойдон калууга жардам берүүдө

2024-жылдын 17-январында Адыгея Республикасынын Майкоп шаардык соту Николай Сапаровду айыптуу деп таап, алты жылга эркинен ажыратты. Ал 2022-жылдын март айынан бери тергөө камак жайында болчу. Николай азырынча түрмөдө кала берет.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2022-жыл, 22-март

    Кылмыш иши козголгон

  2. 2022-жыл, 23-март

    Николайды жубайы жана кызы менен аэропорттон кармап кетишкен. Суракка алгандан кийин ага экстремисттик уюмдун иш-чараларын уюштурууда деген айып коюшкан. Андан кийин аны убактылуу тергөө камак жайына жөнөтүшкөн. Кийинчерээк үйүн тинтишкен

  3. 2022-жыл, 24-март

    Николайды тергөө камак жайына жөнөтүшкөн

  4. 2022-жыл, 19-май

    Сот отуруму башталган

Жеке маалымат

Сапаровдордун үй-бүлөсүнүн үлгүсү Жахаба ишенимдүү кызматчыларынын «жардам сурап жалбарган» үнүн сөзсүз угарын көрсөтүп турат (Забур 119:147).

a Макала даярдалып жаткан учурда Николай тергөө камак жайында болгондуктан, аны менен дил маек куруу мүмкүн болгон жок.