Мазмунун көрсөтүү

Дмитрий менен Елена Бармакиндер

1-НОЯБРЬ, 2021 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 7-ФЕВРАЛЬ, 2024
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШИБИЗ ТҮРМӨГӨ КАМАЛДЫ | Узак убакыт камакта жаткан Дмитрий Бармакиндин кубанычы кемиген жок

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШИБИЗ ТҮРМӨГӨ КАМАЛДЫ | Узак убакыт камакта жаткан Дмитрий Бармакиндин кубанычы кемиген жок

2024-жылдын 6-февралында Приморье крайынын соту Дмитрий Бармакинге карата буга чейин чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырды. Ал 8 жылга түрмөгө кесилди. Аны сот залынан дароо түрмөгө алып кетишти.

2023-жылы 8-августта Приморье крайынын соту Дмитрий Бармакиндин доо арызын орундатып, ага коюлган айыпты жокко чыгарды. Чечим чыгары менен аны түрмөдөн бошотушту. Анын иши кайра прокуратурага кайтарылды. Ушуну менен анын иши үчүнчү жолу каралат.

2023-жылы 27-апрелде Приморье крайынын Владивосток шаарындагы Первореченский райондук соту Дмитрийди айыптуу деп таап, сегиз жылга кести. Аны сот залынан дароо эле түрмөгө алып кетишти.

2022-жылдын 8-апрелинде Приморье крайынын соту Дмитрийди актады. Анын иши кайра каралыш үчүн жөнөтүлөт.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2021-жылдын 22-ноябрында Приморье крайынын Владивосток шаарындагы Первореченский райондук соту Дмитрий Бармакинди күнөөлүү эмес деп таап, аны актады. Дмитрий бир тууганыбыз Орусиянын Кылмыш кодексинин 282.2(1) беренеси (экстремисттик уюмдун иш-чараларын уюштурууга байланыштуу берене) боюнча соттолгон Жахабанын Күбөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп күнөөлүү эмес деп табылды. Сот Дмитрийге коюлган чектөөлөрдү жакында жоёт. Эгер айыптоочу доо арыз менен кайрылбаса, соттун чечими 2021-жылдын 3-декабрында күчүнө кирет.

  2. 2021-жыл, 20-апрель

    Кылмыш ишин кароо улантылган

  3. 2020-жыл, 18-декабрь

    Далилдердин жетишсиздигинен улам кылмыш иши айыптоочуга кайтарылган. Дмитрийге коюлган чектөөлөр ошол бойдон калган

  4. 2019-жыл, 18-октябрь

    Тергөө камак жайында 447 күн отургандан кийин Дмитрий бошотулган, бирок ага катуу чектөөлөр коюлган. Сот анын тергөө камак жайда отурган мөөнөтүн он жолу өзгөрткөн

  5. 2018-жыл, 28-июль

    2018-жылы 28-июлда таңкы саат 7:00дө бет кап кийген, куралчан топ киши Дмитрий менен Елена турган үйдүн эшигин талкалап кирип келишкен. Алар ошол үйдө Еленанын 90 жаштагы чоң апасын карап жашап жатышкан болчу. Ал жерден Дмитрий менен Еленаны өздөрү жашаган шаарга, 177 чакырым алыс жайгашкан Владивостокко, алып кетишкен. Дмитрийди дароо эле тергөө камак жайына камашкан

  6. 2018-жыл, 27-июль

    Дмитрий Бармакинге каршы кылмыш иши козголгон

  7. 2017-жыл, октябрь

    Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) менен иштешкен 30 жаштагы аял Ыйык Китепке кызыгымыш болуп ар кандай ишенимдештерибиз менен сүйлөшкөндөрүн жашыруун жаздыра берген

Жеке маалымат

Дмитрий менен Еленаны түрмөнүн дубалдары кайрадан ажыратышы мүмкүн болсо да, экөө тең «Жахаба берген кубанычты» чеп кылып, жакшы үлгү көрсөтүп жатышат (Некемия 8:10).