Мазмунун көрсөтүү

Алексей Хабаров

1-СЕНТЯБРЬ, 2021 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 25-ОКТЯБРЬ, 2023
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШИБИЗ ТҮРМӨГӨ КЕСИЛДИ | Алексей Хабаровго тиленүү жана Кудайдын Сөзү кайраттуулук берүүдө

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШИБИЗ ТҮРМӨГӨ КЕСИЛДИ | Алексей Хабаровго тиленүү жана Кудайдын Сөзү кайраттуулук берүүдө

2023-жылы 20-октябрда Псков облусунун Порховский райондук соту Алексей Хабаровду айыптуу деп таап, эки жарым жылга кесип жиберди. Буга чейин ал толугу менен акталып чыккан болчу. Прокурор ошол чечимге каршы экенин билдирип, доо арыз менен кайрылган. Ушуну менен Алексей үчүнчү жолу соттолуп отурат. Аны сот залынан дароо эле түрмөгө алып кетишти.

2022-жылдын 27-июнунда Псков облусунун Порховский райондук соту Алексей Хабаровду күнөөсүз деп тапты. Ага каршы козголгон кылмыш ишинин баары жокко чыгарылат.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2021-жылдын 26-ноябрында Псков облустук соту Алексей бир тууганыбыздын доо арызын карады. Иш буга чейин караган сотко кайра кайтарылды. Бирок бул жолкусунда аны башка сот карамай болду. Алексей азырынча түрмөгө камалбайт

  2. 2021-жыл, 7-сентябрь

    Псков облусунун Порховский райондук соту Алексей Хабаровду айыптуу деп таап, 3 жылга шарттуу соттоду

  3. 2020-жыл, 29-октябрь

    Алексейге каршы кылмыш иши козголгон

  4. 2020-жыл, 28-август

    Алексей бир тууганыбызга «диний жолугушууларга жигердүү катышты» деген айып тагылган. Ал жолугушууга катышкандар «ишенген нерселери жөнүндө сүйлөшүшкөн, Ыйык Китеп окушкан, андагы аяттарды талкуулашкан жана диний ырларды ырдашкан»

  5. 2020-жыл, 7-февраль

    Алексей экинчи жолу суракка алынган. Сурак учурунда бийликтегилердин 2018-жылы анын телефон аркылуу сүйлөшкөндөрүн укканы жана алардын жаздырылганы белгилүү болгон

  6. 2020-жыл, 31-январь

    Айыптуу деп табылып, башка жакка чыкканга тыюу салынган

  7. 2019-жыл, 24-май

    Алексей Псковдогу адам укуктарын коргогон акыйкатчыга кат жазган. Ага өзүнүн кылмышкер эмес, Кудайга ишенген чынчыл адам экенин айткан. Акыйкатчы Алексейге Кудайга ишенгенге жана ишенимине ылайык иш кылганга укугу бар экенин жазган

  8. 2019-жыл, 3-апрель

    Алексейдин үйүн тинтишкен. Айрым нерселерин тартып алышкан. Өзүн болсо суракка алганы кармап кетишкен

Жеке маалымат

Алексей айткандай, Жахаба ага берилгендерге кайраттуу болгонго, жүрөгүн бекем сактаганга жардам берет. Биз Алексейдин сөздөрүнө толугу менен кошулабыз (Забур 27:14).