Мазмунун көрсөтүү

Павел Казадаев

24-НОЯБРЬ, 2022 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 21-АВГУСТ, 2023
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШИБИЗ ТҮРМӨГӨ КЕСИЛДИ | Куугунтукка карабай жигердүү кызмат кылганга бел байлаган ишенимдешибиз

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШИБИЗ ТҮРМӨГӨ КЕСИЛДИ | Куугунтукка карабай жигердүү кызмат кылганга бел байлаган ишенимдешибиз

2023-жылдын 18-августунда Алтай аймактык соту Павел Казадаевге чыгарылган өкүмдү өзгөртүп, үч жылга эркинен ажыратты. Ал буга чейин шарттуу соттолгон болчу. Аны сот залынан дароо түрмөгө алып кетишти.

2023-жылдын 29-майында Алтай аймагындагы Барнаул шаарынын Индустриалдык райондук соту Павел Казадаевди айыптуу деп таап, аны 3 жылга шарттуу соттоду. Ал азырынча камакка алынбайт.

Жеке маалымат

Оор кыйынчылыктарга карабай Жахабанын элинин кубанып, кызматын жигердүү аткарып жатканын көрүү ишенимибизди бекемдейт (Матай 5:11).

Жагдайдын өрчүшү

  1. 11-май, 2021

    Кылмыш иши козголгон

  2. 27-май, 2021

    «Армагедон» деп аталган атайын операциянын жүрүшүндө коопсуздук кызматынын кызматкерлери Новокузнецк шаарындагы Павелдин жана башка жакта жашаган туугандарынын үйлөрүн тинтишкен. Павел менен анын жубайын суракка алыш үчүн үйүнөн 350 километр алыс жайгашкан Барнаул шаарына алып кетишкен. Экстремисттик деп табылган уюмдун иштерине катышканы үчүн Павелге каршы кылмыш иши козголуп, убактылуу камак жайына камалган.

  3. 28-май, 2021

    Убактылуу камак жайынан бошотулган, бирок ага өзү жашаган жерден башка жакка чыгууга чектөө коюлган

  4. 12-август, 2022

    Сот иши башталган