3-ФЕВРАЛЬ, 2022 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 20-ИЮЛЬ, 2023
ОРУСИЯ
ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШИБИЗ ТҮРМӨДӨН ЧЫКТЫ | Ыйык Китепти күнүгө окуп, ой жүгүрткөнү Алексей Уховго Жахабага таянууга күч берип келет
2023-жылы 18-июлда Хабаровск крайынын соту Алексей Уховдун өкүмүн алмаштырды. Ал мурун алты жарым жылга кесилген болчу. Эми болсо алты жарым жылга шарттуу соттолду. Өкүм жарыялангандан көп өтпөй эле аны түрмөдөн бошотушту.
2023-жылдын 24-мартында Хабаровск крайындагы Советско-Гаванский шаардык соту Алексей Уховду айыптуу деп таап, алты жарым жылга кести. Аны сот залынан дароо түрмөгө алып кетишти.
Жагдайдын өрчүшү
2020-жыл, 22-октябрь
ФККнын кызматкерлери Алексейдин үйүн тинтишкен. Алар анын электрондук каражаттарын, флешкаларын, SIM-карталарын, банк карталарын, бир нерселерди жазып жүргөн дептерлерин жана кагаз түрүндөгү адабияттарын алып коюшкан. Тергөөчүлөр аны убактылуу кармоочу жайга камашкан
2020-жыл, 23-октябрь
Сот аны тергөө камак жайына камалсын деген чечим чыгарган
2021-жыл, 9-июль
Алексей бошотулган, бирок өзү камалган Комсомольск-на-Амуре аймагынан эки жакка чыкканга тыюу салынган
2021-жыл, 6-сентябрь
Кылмыш иши козголгон
Жеке маалымат
«Өзүн адилеттүү Сотко тапшырган» Алексей бир тууганыбызга Жахаба мындан ары да батасын береринен шектенбейбиз (1 Петир 2:23).