Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Алам Алиев, Валерий Кригер, Сергей Шуляренко, Дмитрий Загулин

18-МАРТ, 2021 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 20-ДЕКАБРЬ, 2022
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШТЕРИБИЗ АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ | Биробижан шаарындагы төрт ишенимдешибиз түрмөгө камалышы мүмкүн

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШТЕРИБИЗ АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ | Биробижан шаарындагы төрт ишенимдешибиз түрмөгө камалышы мүмкүн

Еврей автономдук облусундагы Биробижан райондук соту Алам Алиевди, Валерий Кригерди, Сергей Шуляренкону жана Дмитрий Загулинди айыптуу деп тапты. Алам Алиев 6 жарым жылга, Дмитрий Загулин 3 жарым жылга, ал эми Валерий Кригер менен Сергей Шуляренко 7 жылга түрмөгө кесилди. Баарын тең сот залынан дароо эле камакка алып кетишти.

Жеке маалымат

Алам Алиев

  • Туулган жылы: 1963 (Ляки кыштагы, Азербайжан)

  • Кыскача таржымалы: Германияда Советтер Союзунун аскеринде кызмат өтөгөн. Кийин балыкчылардын кемесинде иштеген. 1989-жылы Орусиянын Хабаровск шаарына көчүп кеткен. Учурда машине куруу боюнча инженер болуп иштейт

    Ыйык Китепти Орусияга жер которуп келгенден көп өтпөй изилдей баштаган. 1991-жылы чөмүлгөн. Келинчеги Светлана экөө 2015-жылы баш кошушкан. Алар жаратылышта сейилдегенди жакшы көрүшөт

Валерий Кригер

  • Туулган жылы: 1968 (Еврей автономдук облусу)

  • Кыскача таржымалы: Дин тутпаган үй-бүлөдө чоңоюп-өскөн. Бала кезинде гимнастиканы жакшы көрчү. Массаж жасаганды үйрөнгөн. Учурда өзүнүн жеке бизнеси бар. 1994-жылы чөмүлгөн. Жубайы Натальяга 2017-жылы үйлөнгөн. Экөө волейбол ойногонду, жаратылышка чыгып эс алганды жакшы көрүшөт

Сергей Шуляренко

  • Туулган жылы: 1984 (Хабаровск шаары)

  • Кыскача таржымалы: Атасы Түркмөнстанда аскерде кызмат өтөп жүргөн кезде ошол жакта жашашчу. Ал учурда Сергей кичинекей бала болчу. Кийин машинисттин жардамчысы болгон. Портрет тартканды, тил үйрөнгөндү жакшы көрөт. Жахаба тууралуу апасынан уккан. 1997-жылы 13 жашында чөмүлгөн

Дмитрий Загулин

  • Туулган жылы: 1973 (Хабаровск шаары)

  • Кыскача таржымалы: Бала кезинде жоокер болгусу келчү. Аскерде кызмат өтөп жүргөн убакта мушташ өнөрүн үйрөнгөн. Ошондой эле парашют башкаруу боюнча билим алган. Учурда темир жол компаниясында иштейт. Ыйык Китепти 1991-жылы изилдей баштаган. 1992-жылы чөмүлгөн. Жубайы Татьяна экөө 2012-жылы баш кошушкан

Иштин чоо-жайы

2018-жылдын 17-мартында Биробижан шаарында 150 коопсуздук кызматкери катышкан атайын операция башталган. Ал «Сот күнү» деп аталган. Ошол тинтүү иштери учурунда Алам Алиев «экстремисттик уюмдун иштерин уюштурууда» деген айып менен 8 күнгө тергө камак жайына камалган. Валерий Кригерге, Сергей Шуляренкого жана Дмитрий Загулинге да айып коюлган. Төртөөнө тең жашаган аймагынан башка жакка чыгууга тыюу салынган. Мындан тышкары, Аламдын, Валерийдин жана Дмитрийдин аялына да өзүнчө иштер боюнча кылмыш иши козголгон.

Камакка алынганга чейин Алам бир тууганыбыз куугунтук жөнүндө изилдеген. Окуп-билгендерин жыйналыштагы ишенимдештери менен да бөлүшкөн. «Жыйналыштагыларды куугунтукка туш болгондо коркунучка алдырбоого үндөгөм. Бул өз учурунда болуптур. Себеби ошондон бир эле жума өткөндөн кийин жыйналышыбыздагы 21 үй-бүлөнүн үйү тинтилди»,— дейт ал.

Валерий менен жубайы Натальяга башка жакка чыгууга тыюу салынгандыктан, алар Жахабанын Күбөлөрүнүн Сеулда (Түштүк Корея) өткөрүлгөн эл аралык жыйынына бара албай калышкан. Ал эле эмес, Израилде жашаган ата-энесиникине барууга да уруксат бербей коюшкан. Тилекке каршы, 2019-жылы, февралда Валерийдин атасынын көзү өтүп кеткен. Ошондон бир нече эле ай өткөндөн кийин апасы омурткасынан операция болуп, толугу менен бирөөнүн кам көрүшүнө муктаж болуп калган. Бирок Валерий бир тууганыбыз Жахабанын аны колдоп жатканынан такыр шектенбейт. Анын ата-энеси Жахабанын Күбөсү болбосо да, Израилдеги ишенимдештери апасына каралашып турган. Валерий мындай дейт: «Жахабага апам тууралуу айтып тилендик. Анан Жахаба тиленүүбүзгө жооп берди. Израилдеги ишенимдештерибиз ага эмоциялык жактан жардам берип жатышты. Алар апама барып, сүйлөшүп, жолугушууларга чакырып турушту. Апамдын жанында боло албасак да, Жахабанын колдоп жатканын, эл аралык боордошторубуз аркылуу жардам берип жатканын өз көзүбүз менен көрдүк».

Ал эми Дмитрий өзү жакшы билген нерсеге ого бетер ынанган. Ал мындай деп түшүндүргөн: «Жашоодо баары жайма-жай, шайма-шай болуп, Кудайга сыйынууга эч кандай тоскоолдук жок болсо, рухий кенчтерди боло жүргөн нерседей эле көрүп, анча баалабай калабыз. Бирок бийлик өкүлдөрү Кудайга сыйынууга болгон эркиндигибизден ажыратып койгондо, учурда ээ болуп жаткан рухий нерселерди баалаганыбыз, куугунтукка алдын ала даярданганыбыз абдан маанилүү экенин түшүнөбүз. Ошондуктан эркиндигибизди туура колдонуп, асманга „байлык топтой“ беришибиз зарыл. Бул бизге акырына чейин чыдап, ишенимибизди бекем сактаганга жардам берет» (Матай 6:20).

Ооба, Жахабанын Орусиядагы ишенимдештерибизге «адаттан тышкаркы күч» берип жатканы айкын (2 Корунттуктар 4:7).