1-ИЮНЬ, 2022 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 6-СЕНТЯБРЬ, 2023
ОРУСИЯ
ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШТЕРИБИЗ АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ | Жахаба алар тарапта болгону үчүн бекем бойдон калууда
2023-жылдын 5-сентябрында Татарстан Республикасынын Нижнекамск шаардык соту Денис Филатовду, Станислав Ключниковду жана Дмитрий Ярчакты айыптуу деп тапты. Алар азырынча камакка алынбайт.
Жагдайдын өрчүшү
2020-жыл, 18-ноябрь
ФККнын кызматкерлери жана куралчан аскерлер Нижнекамск шаарындагы Жахабанын Күбөсү болгон 12 үй-бүлөнүн үйүн тинтип, 9 ага-инибизди жана 3 эже-карындашыбызды суракка алышкан
2021-жыл, 24-август
Дениске, Станиславга жана Дмитрийге эки жакка чыгууга тыюу салынган
2021-жыл, 7-октябрь
Денисти, Станиславды жана Дмитрийди айыптуу деп таап, «диний ырларды, гимндерди ырдап, тиленишет» деген айып коюлган
2022-жыл, 27-январь
Кылмыш иши Татарстандын Нижнекамск шаардык сотуна өткөрүлгөн
Жеке маалымат
Ишенимдештерибиздин Жахабага таянып, «Кудайдын мен тарапта экенин билем»,— деп айткан Дөөтүнүкүндөй сезимди туюп жатышканына эч кандай шек жок (Забур 56:9).