Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго, жогорку катар: Владимир Кочнев жана жубайы Галина, Владислав Колбанов. Төмөнкү катар: Павел Леконцев жана жубайы Оксана, Сергей Логунов жана жубайы Лариса, Николай Жугин жана жубайы Галина

1-ОКТЯБРЬ, 2021 | ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: 29-АВГУСТ, 2023
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШТЕРИБИЗ АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ | Куугунтукка тике караган беш бир тууганыбыз

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШТЕРИБИЗ АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ | Куугунтукка тике караган беш бир тууганыбыз

2023-жылдын 28-августунда Оренбург шаарынын Промышленный райондук соту Владимир Кочневди, Владислав Колбановду, Павел Леконцевди, Сергей Логуновду, Николай Жугинди айыптуу деп тапты. Ишенимдештерибиз шарттуу түрдө эки жыл алты айдан үч жыл алты айга чейин эркинен ажыратылды. Алар азырынча камакка алынбайт.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2021-жыл, 1-март

    Кылмыш иши прокуратурага кайтарылгандан бир жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин Оренбург шаарынын Промышленный райондук сотунда сот отурумдары башталган

  2. 2020-жыл, 14-январь

    Аларга тагылган айып так-айкын эмес болгондуктан, кылмыш иши прокуратурага кайтарылган

  3. 2018-жыл, 3-август

    Владимир тергөө камак жайында 79 күн отургандан кийин бошотулган жана үй камагына алынган

  4. 2018-жыл, 16-май

    Бийлик өкүлдөрү Оренбург облусундагы 19 үй-бүлөнүн үйүн тинтишкен. Владимир менен Владиславды убактылуу кармоочу жайга камашкан. Үч күндөн кийин Владиславды үй камагына чыгарышкан

  5. 2018-жыл, 14-май

    Орусия Федерациясынын Тергөө комитетинин Оренбург облусу боюнча Тергөө башкармалыгы беш бир тууганга тең кылмыш ишин козгогон

Жеке маалымат

Сүйүктүү бир туугандарыбыз ишеними үчүн үч жылдан ашык убакыттан бери салгылашып келатышат. Ошентсе да Жахабага болгон берилгендигин сактаганга толугу менен чечкиндүү. Жахаба Кудайдын да аларга берилгендик көрсөтүп жатканы айдан ачык (2 Шемуел 22:26).