Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Роман Мареев, Анатолий Марунов, Сергей Толоконников жана анын жубайы Мария Панкова

10-ФЕВРАЛЬ, 2023 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 14-ИЮЛЬ, 2023
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ. ИШЕНИМДЕШТЕРИБИЗ КЕСИЛДИ | Москвада үч бир тууганыбыздын иши каралып жатат

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ. ИШЕНИМДЕШТЕРИБИЗ КЕСИЛДИ | Москвада үч бир тууганыбыздын иши каралып жатат

2023-жылы 12-июлда Москва шаарындагы Савёловский райондук соту Роман Мареевди, Анатолий Маруновду жана Сергей Толоконниковду айыптуу деп тапты. Роман төрт жыл алты айга, Анатолий алты жыл алты айга, ал эми Сергей беш жылга кесилди. Анатолийди сот залынан эле дароо түрмөгө алып кетишти. Роман менен Сергей мурун эле камакта болчу.

Жеке маалымат

Арабызда Роман, Анатолий жана Сергей сыяктуу ишеними күчтүү бир туугандарыбыз бар экенине аябай сүйүнөбүз. Башыбызга кандай иш түшпөсүн, Жахаба биз менен болгондуктан, «эч бир жамандыктан коркпойбуз» (Забур 23:4).

Жагдайдын өрчүшү

  1. 20-октябрь, 2021

    Бийликтегилер Москвада жашаган сегиз ишенимдешибиздин үйүн тинтишкен. Роман, Анатолий жана Сергейге каршы иш козголуп, ал бир туугандарыбыз экстремисттик деп табылган уюмдун иш-чараларын уюштурду жана башкаларды аларга катышууга үгүттөдү деп айыпталышкан. Үчөө тең убактылуу тергөө камак жайына камалышкан

  2. 22-октябрь, 2021

    Роман менен Сергей тергөө камак жайына жиберилишкен. Анатолий үй камагына алынган

  3. 17-июнь, 2022

    Сот отуруму башталган

a Бул макала даярдалып жатканда Сергей тергөө камак жайында болгондуктан, андан дил маек ала алган жокпуз. Мария Панкова турмушка чыккандан кийин фамилиясын өзгөрткөн эмес.