Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Александр Полозов жана жубайы Светлана; Степан Шевелёв жана жубайы Оксана

24-ЯНВАРЬ, 2022 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 29-ДЕКАБРЬ, 2023
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШТЕРИБИЗ КҮНӨӨЛҮҮ ДЕП ТАБЫЛДЫ | Куугунтукка карабай Александр Полозов менен Степан Шевелёв Жахабадан мол бата алууда

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШТЕРИБИЗ КҮНӨӨЛҮҮ ДЕП ТАБЫЛДЫ | Куугунтукка карабай Александр Полозов менен Степан Шевелёв Жахабадан мол бата алууда

2023-жылы 29-декабрда Красноярск крайынын Норильск шаардык соту Александр Полозов менен Степан Шевелёвду күнөөлүү деп таап, алты жылга шарттуу соттоду. Алар азырынча түрмөгө камалбайт.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2019-жыл, 20-октябрь

    Атайын күчтөр Норильск шаарынын чет-жакасында чатыр тигип эс алып жаткан 50дөн ашуун Жахабанын Күбөсүн курчоого алып, кармап кетишкен

  2. 2019-жыл, 26-октябрь

    Александрды кармап кетишкен да, тергөө камак жайына камап коюшкан

  3. 2020-жыл, 21-январь

    3 ай тергөө камак жайында жаткандан кийин Александр бошотулган

  4. 2020-жыл, 19-февраль

    Александр экстремисттердин тизмесине киргизилген, ал эми анын банк эсебин тоңдуруп коюшкан

  5. 2021-жыл, 6-май

    Степанга Александр менен «жашыруун иш алып барды» деген айып коюлган. Ошондой эле ага «тиленди», «кабар айтуу ишин жүргүздү» деген да айып тагылган

Жеке маалымат

Куугунтукка карабай адилдикти «кууп бараткан» ишенимдүү кызматчыларын Жахаба мындан ары да колдой берерине кымындай да шектенбейбиз (Бийлер 8:4).