Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Сергей Ашихмин, Максим Дерендяев жана Александр Кутин

8-ИЮЛЬ, 2022 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 13-МАЙ, 2024
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШТЕРИБИЗ ТҮРМӨГӨ КЕСИЛДИ | Тиленүү аларды күч-кубатка толтурууда

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШТЕРИБИЗ ТҮРМӨГӨ КЕСИЛДИ | Тиленүү аларды күч-кубатка толтурууда

2024-жылдын 13-майында Ижевск шаарынын Первомайск райондук соту Сергей Ашихминди, Максим Дерендяевди жана Александр Кутинди айыптуу деп таап, үч жылга түрмөгө кести. Аларды дароо сот залынан кармап кетишти.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2021-жыл, 14-апрель

    ФККнын кызматкерлери, бери дегенде, 12 Жахабанын Күбөсүнүн үйүн тинтишкен. Сергейди 7 саат суракка алышкан. Максим менен Александрды кармап кетишкен

  2. 2021-жыл, 15-апрель

    Максим менен Александр тергөө камак жайына жөнөтүлгөн

  3. 2021-жыл, 29-апрель

    Александр тергөө камак жайынан бошотулган

  4. 2021-жыл, 14-май

    Александр үй камагына алынган

  5. 2021-жыл, 9-июль

    Максим тергөө камак жайынан бошотулуп, үй камагына алынган

  6. 2021-жыл, 14-март

    Сот отуруму башталган

Жеке маалымат

Адилетсиздикке кабылып жаткан ишенимдештерибиз Жахабага толугу менен таянышат. Анткени ал: «Коркпо, анткени мен сени мененмин»,— деп убадалайт (Ышая 43:5).